Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДокумент текшерип жаткан ФМС кызматкери. Архив
Документ текшерип жаткан ФМС кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар 15-июнга чейин каттоого тура алышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 21-апрелде Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков менен жолукканда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.
"Россия тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт. Бирок мигранттар каттоодон өтүп коюшу керек", — деди Новиков.
Ал ошондой эле жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартып, ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экенин жеткирүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0