Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүКалининград шаарындагы мигранттар. Архив
Калининград шаарындагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
15-мартта пандемияга байланыштуу мигранттарга берилген жеңилдиктер алып салынды. Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги пандемияга байланыштуу эмгек мигранттарына берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктаганына байланыштуу РФ аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырып алууга чакырды.
Элчиликтин сунуштары:
  • Россиянын мыйзамдары талап кылган документтерди каттоодон өткөрүү (убактылуу жашоого уруксат кагазы, миграциялык карта, каттоо) керек;
  • керек учурда эмгек келишимдеринин мөөнөтүн узартуу;
  • административдик эреже бузуулар боюнча айып пулдарды төлөө;
  • эгер Россиянын аймагынан чыгарып салуу боюнча административдик чечим чыккан болсо, өз ыктыяры менен чыгып кетүү керек;
  • паспорттун жарактуу мөөнөтү (ID-карта же жалпы жарандык паспорт) 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктай турган болсо документтин мөөнөтүн узартуу үчүн Кыргызстандын Россиядагы мекемелеринин бирине кайрылуу керек.
Элчилик жарандарды ортомчулардын кызматын колдонбоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0