Мигранттын туугандары анын пенсиялык топтомунан пайдалана алабы? Расмий жооп

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКиши коопсуз бет капчан. Архив
Киши коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕЭК министринен мигранттын ЕАЭБ өлкөлөрүндө чогулткан пенсиясынан анын туугандары пайдалана алабы деп сурашкан.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Мигранттын мураскерлери анын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө топтогон пенсиясынан пайдалана (ээлик кыла) алат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) экономика жана финансылык саясат министри Тимур Жаксылыков билдирди.
Ал Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрө учурунда сүйлөдү. Министрден мигранттын ЕАЭБ өлкөлөрүндө чогулткан пенсиясынан анын туугандары пайдалана алабы деп сурашкан.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каза болгон мигранттын пенсиясына үй-бүлө мүчөлөрүнүн ээлик кылуусу каралса, келишимде андай мүмкүнчүлүк берүү шарты бар. Бул үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн пенсия топтолгон өлкөдө болушу талап кылынбайт. Сактык каражаттарын алуу укугу пенсия экспорттоонун алкагында жөнгө салынат", — деди министр.
АКШ долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрү эмнеге доллар менен соода жүгүртүүдөн баш тартышы керек?
Мисалы, Казакстанда иштеген адамдын мураскери өлкөгө келбей туруп эле Казакстандын Бирдиктүү пенсиялык фондунан бир жолку төлөмдөн алуу угуна ээ болот. Бул үчүн өзү жашаган мамлекеттин компетенттүү органына кайрылуу зарыл.
"Улуттук мыйзамдарга ылайык, пенсиялык топтом бул мүлк болуп саналат. Ошондуктан мураскер ага ээлик кылууга укуктуу", — деп кошумчалады ал.
Пенсиялык келишим 1-январдан тарта күчүнө кирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0