ЕАЭБдин мигранттар үчүн пенсия келишими. КР жарандары үчүн кандай пайдасы бар?

© Sputnik / Сергей АладьевЕЭКтин экономика, каржы саясаты министри Тимур Жаксылыков. Архив
ЕЭКтин экономика, каржы саясаты министри Тимур Жаксылыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жумушчуларынын укуктары теңелип, ошол өлкөнүн жарандары сыяктуу эле эмгек стажы эсептелип пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү жазылган.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлгөн пенсия боюнча келишим жарандарга кандай пайда алып келе турганын ЕЭКтин экономика, каржы саясаты министри Тимур Жаксылыков айтып берди.
Москва — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видеокөпүрөсүндө сүйлөп жатып министр 2021-жылдын 1-январынан тарта келишим күчүнө киргенин белгиледи. Анын айтымында, документ көп жыл бою иштелип, акыры ишке ашкан.
Жаксылыков келишимдин социалдык чөйрөдө өтө маанилүү экенин белгилеп, анын пайдаларын тизмектеп чыкты. Алар:
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жумушчуларынын укуктары теңелип, ошол өлкөнүн жарандары сыяктуу эле эмгек стажы эсептелип, пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
  • Эмгек стажы эсептелет. Тактап айтканда, эгер адам ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эки же андан ашык өлкөсүндө иштесе, бул аралыкта эмгектенген ай, жылдарынын баары эсепке алынат;
  • Пенсия экспорттолот. Тагыраагы, пенсияны жаран өзү каалаган мамлекеттен алат.
Жаксылыков суроолорго жооп берип жатып Кыргызстандын жаранын мисалга алган. Эгер ал пенсияга чыгарда өз мекенинде иштеген эмгек стажы жетпей калса, бирок ЕАЭБ мамлекеттеринде мыйзамдуу иштесе, анда ал жактардагы иштеген убактысы эске алынып эсептелет.
"Жаран пенсия алуу үчүн кайрылганда белгилүү бир аралыкта ЕАЭБ мамлекеттеринде иштегенин айтса, Кыргызстандын Соцфонду анын эмгек стажын тастыктоо үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин компетенттүү органдарына сурам жиберет.
Эгер алар чындап эле иштегенин тастыктаган жоопту берсе, анда ал адамдын эмгек стажы кошулуп эсептелип, Кыргызстандын мыйзамына ылайык пенсия чегерилип берилет. Ал иштеген мамлекеттер пенсиянын өздөрүнө караштуу бөлүгүн бөлүп беришет", — деди ал.
Жаксылыков эң аз эмгек стажы 12 ай болушу керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0