Москвада мигранттарга COVID-19га каршы вакцина бекер сайылышы мүмкүн

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүВакцинация от коронавируса в Волгограде
Вакцинация от коронавируса в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык адистер коронавируска каршы вакцина таксист, сатуучу, куруучу жана курьер сыяктуу эл менен көп иштеген кызматкерлерге сайылышы керектигин айтып чыгышты.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Москва шаарынын Таксисттер профсоюзунун жетекчиси Александр Макаров коронавируска каршы вакцинаны мигранттарга акысыз сайып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу "360" телеканалы билдирди.
"Мигрантпы же мигрант эмеспи, ал биринчиден адам. Ошондуктан акысыз вакцина алышы керек. Эгер иштеп жүргөн жарандарга вирустан коргонууга шарт түзбөсөк, коронавирус жайылышын токтотпойт. Ошондой эле мен мигранттын Москвада каттоосу бар-жогуна карабай вакцина алышы керек деп эсептейм", — деди Макаров.
Бул демилгени "Добрососедство" эл аралык байланыштарды өнүктүрүү фондунун директору Юрий Московский колдоду. Ал эмдөө Россиянын аймагында жүргөн ар бир адамга жасалышы керек деп эсептейт. Өзгөчө эл менен көп байланышта болгон таксист, сатуучу, куруучу жана курьер сыяктуу адистер эске алынышы керектиги кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0