Кыргызстан Россияда майда жорук жасаган жарандарын кара тизмеден чыгарууну өтүндү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМоскванын миграция борборундагы киши. Архив
Москванын миграция борборундагы киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакова Россияда Миграция тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдап, шарттары тууралуу айтып берген.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Миграция кызматынын төрагасы Таштанбек Каймазаров Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова менен видеоконференц байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Казакова РФте Миграция тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маалымдады. Анда чет элдиктердин өлкөгө кирүү жолун жеңилдетүү, каттоого алуу жана коюу тартибин санариптик форматка өткөрүү, жумушка орноштуруу, келгендерге биометрикалык маалыматтарын тапшыруу талабын коюу, Россияда жүргөн башка өлкөнүн жарандарынын айрым категориясын легалдаштыруу сунушталып жатканы белгиленди.

Ошондой эле Миграция башкармалыгынын базасында КР жарандарын легалдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында миграцияга чейинки даярдык борборун ачуу, жумушка орноштурууну уюштуруу системасын түзүү талкууланган.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга билет баасы 65 миң сомго чыкты. Мигранттардын түйшүгү, өкмөттүн жообу
Аны менен катар Каймазаров кыргызстандыктардын административдик майда эреже бузуулары үчүн РФке кирүүсүнө тыюу салган кара тизмеден чыгаруу маселесин көтөргөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар миграциялык маселелерди чечүүдө, маалымат алмашуу жана кыргызстандыктардын Россияда жумушка орношуусуна укуктук жардам көрсөтүү жаатында тыгыз иштешүүнү улантуу боюнча макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0