Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандык мигранттарга иш табуу жеңил болгон Россиянын аймактары

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧита шаары. Архив
Чита шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Москва шаары менен Москва облусунда эмгектенишет. Адистин айтымында, бул аймакта ишке орношуу боюнча чек жок.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Россиянын кайсы аймактары кыргызстандык мигранттарга муктаж экенин Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов айтып берди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн "Россиядагы кыргызстандыктардын COVID пандемиясы учурундагы көйгөйлөрү" аттуу онлайн-брифингге катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов
Кыргызстандык мигранттарга иш табуу жеңил болгон Россиянын аймактары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майрамбек Бейшенов

Бейшеновдун айтымында, кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Москва шаары менен Москва облусунда эмгектенишет.

"Урал жана Сибирь федералдык округдарында дагы кыргызстандык мигранттарга муктаждык бар. Жакында эле Байкал округунун жетекчилери менен жолугуштук. Бул аймакта муниципалдык объектилердин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Биз округдун жетекчисинин орун басары менен жолукканыбызда, алар кызматташууга даяр экендигин билдиришти", — деди ал.

Буга чейин Бейшенов Россияда кайсы адистер жетишпей жатканын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0