Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүПосадка на вывозной поезд из Ростова-на-Дону в Узбекистан
Посадка на вывозной поезд из Ростова-на-Дону в Узбекистан  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөгө акча табуу үчүн барган жарандарга ооруп, кырсыктап калып ашыкча чыгым болуу, албетте, негизги көйгөйлөрдүн бири. Бүгүн бир нече мамлекеттер кирген ЕАЭБдин алкагында кандай жеңилдиктер бар экенин тизмектейбиз.

Россиянын көпчүлүк аймактарында COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланып жатат. Бул тууралуу өткөн аптада Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаменти Sputnik радиосуна билдирген эле.

Буга чейин коронавируска кабылган чет элдиктер Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК полиси) бар учурда гана акысыз же жеңилдиктер менен дарылана алчу. Бирок Россия бийлиги коронавирус жалпы адамзатка коркунуч алып келген оору экенин эске алып, полиси жок мигранттарды да акысыз дарылоонун жолун тапты.

Төмөндө ушул туурасында жана ЕАЭБ мамлекеттеринде мигранттарга кандай медициналык жеңилдиктер каралганын айтып беребиз.

Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

Коронавируска кабылган мигранттар

Камсыздандырылган же акысыз дарыланууга укук берген ММК (ОМС) полиси Россияда убактылуу же туруктуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандарга, качкындарга жана эмгек келишими аркылуу иштеген ЕАЭБ мамлекеттеринин атуулдарына берилет. Ал эми башка өлкөлөрдөн келип, ММК полисин ала албаган жарандарга күтүүсүз кырсыктан жаракат алып, өмүрүнө коркунуч жаралган учурда гана акысыз тез жардам көрсөтүлөт. Эми өлкө бийлиги коронавирусту дагы ушул категорияга кошуп койду.

"Россияда коронавирус жуктурган киши беш күндүк антибиотикалык терапияга орто эсеп менен 10 миң рубль коротот. Ал эми мигранттар акча алары менен мекенине, үй-бүлөсүнө жиберет. Андыктан өтө оор абалга кептелип калышы мүмкүн", — деген пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов айтты.

ЕАЭБ мигранттарынын кандай укугу бар

Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда медициналык жеңилдиктер боюнча "Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө" келишим бар. Документте мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу гана жазылган.

Мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дегендер кимдер?

Мигрант — биримдикке мүчө өлкөгө башка өнөктөш мамлекеттен мыйзамдуу түрдө келип, эмгек келишиминин негизинде иштеп жаткан жаран. Анын үй-бүлө мүчөсү болуп мыйзамдүү түрдө никеде турган түгөйү, балдары жана анын багуусундагы башка жакын адамдары.

Кайсы кызматтар акысыз?

Жогорудагы документке ылайык, мигрант биримдикке кирген кайсы өлкөдө иштебесин, анын өмүрүнө коркунуч жаралган абалдан чыгарууга чейинки шашылыш медициналык жардам, дары-дармек жана зарыл болгон медициналык каражаттар бекер берилет. Ал эми пландык медициналык жардам жумуш берүүчү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүРоссияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы иштейт. 2017-жылдын 1-январынан бери ЕАЭБге кирген өлкөнүн жарандары полисти бекер алып жүрүшөт.
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер - Sputnik Кыргызстан
Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы иштейт. 2017-жылдын 1-январынан бери ЕАЭБге кирген өлкөнүн жарандары полисти бекер алып жүрүшөт.

Кыргызстанда

Кыргызстанда иштеп жүргөн эмгек миранттары жергиликтүү эл менен бирдей шартта (анын ичинде Тез жардам кызматын акысыз алуу) медициналык кызматтарды пайдалануу үчүн ММК полисин алышы керек.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында анын баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 1200 сом, чет элдиктер үчүн 12 149 сом экени көрсөтүлгөн. Бирок фонддон учурда бааларды өзгөртүү маселеси өкмөттө каралып жатканын айтышты.

ММК полиси менен акыркы үч жыл ичинде Кыргызстандын ооруканаларында ЕАЭБ мамлекеттеринен келген 10 миңге чукул чет элдиктер дарыланган. Эң көп көрсөткүч (4 172 киши) былтыр, 2019-жылы, катталган. Быйыл азыркы күнгө чейин Кыргызстанда медициналык жардам алган чет элдик жарандардын саны 2 153кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Россия менен Казакстандын атуулдары.

Мигранттар ММК полисин кантип алса болот?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактын башкармалыгына же жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуусу керек. Жанында анын ким экенин тастыктаган документ болушу зарыл.

ММК полиси Кыргызстандын бүткүл аймагында мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде пайланууга жарайт.

Россияда COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланууда

Россияда

Россия Федерациясында дагы ММК системасы иштейт. 2017-жылдын 1-январынан бери биримдикке кирген өлкөнүн жарандары полисти бекер алып жүрүшөт.

Мигранттар ММК полисин кантип алса болот?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна же башка камсыздандыруу боюнча мекемелерге кайрылышы керек.

Талап кылынган документтер:

  • паспорт;
  • эмгек келишими;
  • Россиянын аймагына киргенде берилген бланктын тытып алма бөлүгү;
  • Россиянын пенсиялык камсыздандыруу системасына кирген жарандын өздүк эсеп номери.

Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Беларустун жарандары Россияда эмгек келишими менен иштеп жаткан учурда гана айрым медициналык кызматтарды акысыз ала алат. Ал эми жарандык-укуктук келишимдин негизинде иштегендиктерге мындай жеңилдиктер каралган эмес. Түшүндүрө кетсек, эмгек келишими — жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда бери дегенде бир нече айга түзүлөт. Анда адам кайсы бир кызматка даярданып, келишимге ылайык тартипти, эрежелерди карманып, милдеттерин аткарышы керек. Ал эми жумуш берүүчү аны иш жана айлык менен камсыздайт. Ал эми жарандык-укуктук келишимде эки тарап бирдей укукта болуп, негизинен иштин жыйынтыгына баа берилет. Мисалы, буга бир же бир нече жолу кызмат көрсөтүү же кайсы бир долбоорду ишке ашырып берүү буюртмасы кирет.

Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо

ММК полиси негизи календардык жылдын аягына чейин жарактуу, бирок эмгек келишими аяктаары менен ал дагы жокко чыгарылат.

Билип ала турган маанилүү жагдайлардын бири — мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү Россияда акысыз медициналык кызматтарды пайдалана албайт. Аларга полис сатып алганга мүмкүнчүлүк берилбегендиктен, медициналык кызмат алар үчүн бекер эмес. Тагыраагы, дарыгерге акча төлөп көрүнөт.

Россияда МКК полиси кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин кененирээк Милдеттүү медициналык камсыздандыруу федералдык фондунун сайтынан таанышсаңыз болот. 

© Sputnik / Денис Гришкин / Медиабанкка өтүүМигранттарга медициналык жардам көрсөтүү жагын жакшыртуу боюнча ЕЭК менен ага мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдары учурда да иш алып барууда.
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер - Sputnik Кыргызстан
Мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү жагын жакшыртуу боюнча ЕЭК менен ага мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдары учурда да иш алып барууда.

Арменияда

Евразия экономикалык комиссиясынан (ЕЭК) билдиргендей, бул өлкөдө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медицинадык жардам "Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө" келишимге ылайык, Армениянын жарандары менен бирдей шартта көрсөтүлөт.

Баса, Арменияда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссия акысыз медициналык жардам алчу жарандардын тизмесин түзөт. Адатта ага коомдун аз камсыздалган бөлүгү кирет. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган мигранттар аталган топко кирип кала турган болсо, акысыз дарылана алышат.

Беларуста

Беларуста да шарттар Армениядагыдай, ММК полиси иштебейт. Бул өлкөнүн саламаттык сактоо системасы ЕАЭБ мигранттарына өз жарандарындай эле кызмат көрсөтүшөт.

Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

Казакстанда

Коңшу өлкөдө ушул жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык социалдык камсыздандыруу полиси иштей баштады. Аны Казакстандын жарандары менен бирдей шартта өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала алат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстанда да 2020-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык социалдык камсыздандыруу полиси иштей баштады. Аны Казакстандын жарандары менен бирдей шартта өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала алат.
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда да 2020-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык социалдык камсыздандыруу полиси иштей баштады. Аны Казакстандын жарандары менен бирдей шартта өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала алат.

Миграттар ММК полисин кантип алса болот?

Үй-бүлөлүк медициналык борборго каттоого туруп, ММК полисин алууга арыз бересиз. Ал үчүн жумуш берүүчү камсыздандыруу фондуна акча төлөп турат. Кызматкеринин айлыгынын 2 пайызын түзгөн төлөм өз чөнтөгүнөн чыкса, дагы бир пайызын кызматкердин маянасынан кармап калат.

Казакстанда МКК полиси кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин кененирээк Медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынан таанышсаңыз болот.

Мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү жагын жакшыртуу боюнча ЕЭК менен ага мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдары дагы деле иштеп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0