Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРФтин Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова
РФтин Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ИИМинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова чет элдик жарандардын укуктары кандай корголорун айтты.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россияда бардык укуктар мыйзам менен жөнгө салынганын РФтин Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди. Бул тууралуу ал Sputnik Тажикстан маалымат агенттигине маек берип жатып айткан.

Казакова Евразия биримдигинин жарандары РФте россиялыктар менен теңата иштеп, бирдей укукка ээ экенин айтты.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары россиялыктар менен бирдей иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар, тең укукка ээ, ошол эле учурда РФ жарандары менен кошо бирдей жоопкерчиликте болушат. Бул Россияда жумушка орношууга уруксат кагазын алгандарга да тиешелүү", — деди Казакова.

Ал белгилегендей, чет өлкөлүк жаран үчүн эң негизгиси учурдагы эрежелерди сактоо жана эмгек келишимин түзүүдө, турак жайды ижарага алуудагы макулдашууну мыйзамдуу түрдө жүргүзүү менен өз укуктарын коргоо болуп саналат.

Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо

Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыктын башчысы мындай учурда Россияда бардык укуктарды мыйзам менен коргоого болорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0