Шайлоодо канча мигранттын добуш берери айтылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдагы парламенттик шайлоого чет өлкөдө жүргөн 15 312 мигрант добуш берүүгө укук алган. Бул ирет шайлоочулардын саны эки эсе өскөнү байкалат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Быйыл чет өлкөдө жүргөн 32 582 кыргызстандык парламенттик шайлоого катышууга укук алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун даярдыктары туурасындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтмында, чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган.

"Быйыл шайлоого катышууну каалаган чет жактагы кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Албетте, буга түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлгөнү түрткү болду десек болот. Кайрылуулар көп болгонуна байланыштуу Москвага дагы бир кошумча шайлоо участкасы ачылды", — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого чет өлкөдө жүргөн 15 312 мигрант добуш берүүгө укук алган. Бул ирет шайлоочулардын саны эки эсе өскөнү байкалат.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0