ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазаламакчы болгондор кармалды

© AFP / AXEL HEIMKENСтулда отурган бала. Архив
Стулда отурган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуу боюнча иликтей баштаган эле.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвада башка улуттагы жигиттер менен мамиле курган кыргызстандык кыздарды жазалоого чакырык таштаган эки адамды тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, социалдык тармактарда жаш балдардан турган топ Россияда иштеп жүргөн кыздар башка улуттагы жигиттер менен мамиледе болгонун билер замат аны жазалоого чакырып жаткан видео тараган эле. Кийин өкүлчүлүк бул боюнча иликтөө иштерин баштаган.

"Чакырык таштаган А.А. жана Б.Б. аттуу эки жаран кармалды. Алар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурашты. Эми бул жарандардын кылган ишине Москва шаардык милициясы тарабынан укуктук баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазалагысы келгендер изделе баштады

Ошондой эле ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мындан ары ушул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо максатында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Анын катышуучулары жаш муун арасында түшүндүрүү жана тартипке чакыруу иштери болуп жатканын билдиришти.

Ошондой эле өкүлчүлүк бир нече күн мурда Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы пикир келишпестикти талкуулап, мындан аркы улуттар аралык жаңжалдын чыгып кетпеши үчүн эки тараптын диаспора өкүлдөрүн жолуктурду.

Малыматка караганда, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратында чогулган коңшу элдин өкүлдөрү достук маанайда пикир алышып, ынтымакты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0