Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн өлкөгө кирүү эрежесин катаалдатты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөөлөр биринчи кезекте Бангладеш, Казакстан, Кыргызстан жана Пакистан мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү экени маалым болду.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Түштүк Кореяга барчу кыргызстандыктар жана дагы башка үч мамлекеттин жарандары эми коронавируска тапшырган тести таза чыккандыгы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Ага ылайык, корей бийлиги коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдүн тургундары үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыккан. Чектөөлөр биринчи кезекте Бангладеш, Казакстан, Кыргызстан жана Пакистан мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү экени маалым болду.

Казак өкмөтү COVID, пневмониядан айыктырчу дарыларды учак менен алдырды

"13-июлдан тарта аталган мамлекеттерден Кореяга келчүлөр коронавируска анализ тапшыргандыгы боюнча сертификатты көрсөтүшү керек. Алар ден соолугу тууралуу документти учардан 48 саат мурда Түштүк Кореянын дипөкүлчүлүгү тарабынан тандалган медициналык мекемелерден алышы шарт. Мындай документ болгону менен Кореяга барган адамдар сөзсүз эки жумалык карантинге алынат. Бул эреже 1-апрелден тарта иштеп келе жатат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Түштүк Корея бийлиги 11 өлкөдөгү кырдаалга кылдаттык менен көз салып турарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0