Оренбургдун Бузулук районунда турган 448 мекендеш Кыргызстанга келе жатат

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүРабота общественного транспорта в Пятигорске
Работа общественного транспорта в Пятигорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештер Казакстан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын көздөй бет алмакчы.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 кыргыз жараны Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү, жакында Кыргызстанга келип калышат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, орус-казак чек арасынан өткөн мекендештерди азыр автобустарга жайгаштыруу иштери жүрүүдө.

"Россиядагы элчилик КРдин Оренбургдагы ардактуу консулдугу, Россиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кыргыз жарандарын Бузулук районунан Россия-казак чек арасынын "Сагарчын" көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келишти. Учурда КРдин Казакстандагы элчилигинин кызматкерлери мекендештерди кыргыз өкмөтү уюштурган тогуз автобуска жайгаштырып жатат. Алар Казакстан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын көздөй бет алышат", — деп айтылат маалыматта.

Мекендештерди алып кетүү үчүн Казакстан транзиттик коридор уюштуруп берген. Бул маселе өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосундагы макулдашуунун жыйынтыгында чечилгени айтылды.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0