Автобус жалдап жолго чыкпагыла! Аскат Алиев Россиядагы мигранттарга кайрылды

© пресс-служба представительства МВД КР в РоссииИчки иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ өкүлү азыр көпчүлүгү симптому жок ооруп вирусту ташып жүрүүчү болгондуктан, Кыргызстанга келгенден кийин жакындарына жугузуп, кырдаал дагы оорлошо турганын айтат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев мекендештерге кайрылып, ар кандай чагымчыл аракеттерден оолак болууга чакырды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Аскат Алиев (@askat.aliev80)

Анын айтымында, Россияда бейрасмий маалыматтар боюнча, бир миллионго жакын кыргыз, миллиондон ашуун тажик, үч миллионго жакын өзбек мигранттары бар. Учурда баары эле эртең кырдаал жакшы болуп кетер деген үмүт менен отурат.

“Өзбекстан карантин башталганда коопсуздук үчүн деп Россиядагы эмгек мигранттарын алып кетпей турганын расмий айткан. Бүгүнкү күндө мигранттарга оор жагдай түзүлгөнүн баарыбыз көрүп турабыз. Коңшу өлкөлөрдүн жарандары элчиликтин эшигин тепкилеп, бийликти сөгүп, “алып кеткиле” дегенин көрбөйсүң. Кыргыз элчилигинде ыкчам штаб түзүлүп, кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте кыйналган мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө”, — деди Алиев.

Ошол эле учурда чек ара ачылганы туурасында жалган маалымат таратып, Кыргызстанга кете тургандардын тизмесин түзгөндөр болгонун белгилейт.

Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр
“Жердештер айтканды укпай, топтошуп автобус жалдап чек арага бара жатышат. Эми дагы канча күн кыйналып талаада жатары белгисиз. Эртеңден баштап “мына, бийлик карабай койду, талаада калдык” деген видео кайрылууларды көрө баштайсыздар. Мекенге кетүүнү каалаган жүз миңдеген мекендеш бар, бирок баары эле ушундай ээн баштык кыла берсе ооруну жеңе албайбыз. Карантиндин ар бир күнү миллиондогон чыгашага алып келүүдө. Ансыз да кыйналып турган мамлекетибиз такыр эле тура албай калат го”, — деп кайрылды ИИМдин өкүлү.

Ошондой эле ал азыр көпчүлүгү симптому жок ооруп, вирусту ташып жүрүүчү болуп жатканын айтты.

“Үйгө барганда тууган, кошуна, жакындарына жугуза берсе оору токтобой эртең мамлекетибиздин келечеги эмне болот?! Эртерээк ушул илдетти жеңип жакшы жашоого кайталы десек, кырдаалды туура түшүнүшүбүз керек, бир тууган боордоштор”, — деп сөзүн жыйынтыктады Алиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Оренбургда турган 541 кыргызстандык 10 автобус менен Бишкекке алып келинди.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимге ылайык, Казакстан мекендештердин бир жолу гана өтүүсүнө уруксат берген. Бул каттам уюштурулуп жаткан чакта “Казакстан чек арасын ачыптыр, автобус менен кетүүгө болот экен” деген билдирүүлөр тарап кеткен.

Коронавирустун кесепети

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке дагы төрт мамлекеттен мекендештер алып келинди
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0