РФ Омбудсмени ИИМден мөөнөтү өткөн документ үчүн мигранттарды жазалабоону өтүндү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын миграция кызматы. Архив
Россиянын миграция кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия аймагында эмгек миграциясында жүргөн миллиондогон адамдардын документтеринин мөөнөтү аяктап бара жатат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия акыйкатчысы Татьяна Москалькова ИИМден миграциялык мыйзамды бузган эмгек мигранттарына жоопкерчилик чараларын көрбөй турууну өтүндү. Бул тууралуу ал COVID-19 пандемиясынын шартында адам укуктарын коргоо боюнча өтүп жаткан брифингде билдирди.

"Россия аймагында иштеп жүргөн миллиондогон адамдар кыйын кырдаалга кептелди. Лицензия жана башка документтеринин мөөнөтү аяктап бара жатат. Мындан улам Россия ИИМине атайын буйрук чыгаруу өтүнүчү менен кайрылдым. Анда ички иштер органынын жакынкы жердеги бөлүмүнө барып, эмгек мигранттарынын бул жерде жүрүү мөөнөтүн узартып алуу шарты каралуусу айтылган. Чектөө чаралары жана сыртта ары-бери басып жүрүүгө тыюу салынгандыктан, мигранттар бул талапты аткара албай калышууда. Андыктан миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн аларга жоопкерчилик чараларын колдонбоону сурандым", — деди Москалькова.

Акыйкатчы аталган элдин карантин мөөнөтү бүткөнчө Россия аймагында жүрүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү кароо керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0