Россия коронавирус капсалаңында мигранттарга жардамдашууга тийишпи? Саресеп

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүМигранттар. Архив
Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мигранттарды жөлөк пул менен колдоо абзел, анткени Россиядагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам алар жумушсуз калышты.

Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө бюджеттик акчадан сарптоо сунушу айрым эксперттерди кыжырдантпай койгон жок. Бирок алар жаңылышат. Анткени бул россиялыктардын өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн зарыл. Мындай пикирин Россия Федерациясынын Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян ортого салды.

Миграциялык көзөмөл кызматкери документтерди текшерүү убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын укугун РФ жарандарыныкы менен теңеш керек. Жаңы сунуш
Эгер кырдаалды талдап көрсөк, бул каатчылыкта Москва сөзсүз түрдө мигранттарга жардамдашууга тийиш. Биринчиден, башка аргасы жок. Россиядан аларды депортация кылуу мүмкүн эмес. Борбор Азиянын өкмөттөрүн мекендештерин колдоого көндүрүү да татаал (Ташкент, Бишкек жана Душанбенин каражаты чектелүү, андыктан болгон акчаны ансыз да эмгек мигранттары тарабынан которулган акчаларсыз алсырай түшкөн улуттук экономиканы куткарууга жумшашат). Экинчиден, бул жардам россиялык тышкы саясаттын кызыкчылыгынан улам зарыл чара болуп саналат.

РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков бир нече күн оболу бул макаланын авторунун суроолоруна жооп берип жатып, постсоветтик мейкиндикте идеялык атаандаштыкты жеңүүдө АКШга караганда Россиянын артыкчылыгы жогору экенин белгиледи.

"Россия жана кезегинде бир өлкөнүн курамындагы анын коңшуларынын ортосундагы тарыхый, маданий, адамдык, экономикалык жана башка кандай байланыш болбосун, АКШ жана анын азыркы, андан мурунку да администрациялары сунуштаган нерселердин баарына караганда ченемсиз терең, бекем жана бай деп эсептейбиз", — деп түшүндүрөт дипломат.

Өз ара мамилелердин мындай тереңдигинен улам коңшулаш өлкөлөрдүн калкы алигүнчө Москваны жана россиялыктарды өз катары көрөт. Бирок жалпы тарых жөнүндө эле айта берүүгө болбойт, россиялыктар постсоветтик мейкиндиктеги жарандарды "өз" санаарын иш жүзүндө көрсөтүүгө тийиш. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда жалгыз таштап коюшпайт.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келип иштегиле! Элчилик Россиядагы мекендештерге жумуш таап, тизмесин жарыялады
Мурдагы союздук республикалардын мигранттары Москва өгөй эмес экенин, ал эми Россия Федерациясы жарандык калкы бар көп улуттук долбоор, кең россиялык дүйнөнүн тиреги, алар да ошол дүйнөнүн бир бөлүгү экенин түшүнгөнү жакшы. Россиялык бийлик дал ушундай көз карашты карманууга тийиш.

Жергиликтүү улутчулдардын дегени менен болуп, унчукпай коюп, постсоветтик өлкөлөргө чек араларды жаап койгонго чейин баруу — натыйжасыз. Мигранттарды каржылык жактан колдоо тактоону талап кылары анык. Болгондо да эксперттердин, бийлик деңгээлинде.

"Өкмөт бул демилгени дыкат карап, мындай жардамды кимдер аларын аныктап чыгууга тийиш деп эсептейбиз. Эгер зарыл болсо, биз Эмгек кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз", — деп билдирет Мамлекеттик Думадагы "Бирдиктүү Россия" ("Единая Россия") фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Исаев.

Балким бул көмөктү кайра кайтара тургандай кылса да болор, маселен, эмгек мигранты бул сумманы мамлекетке акырындап бөлүп бере алат же муну эмгек патентинин акысын жогорулатуу аркылуу да чечсе болот (Москвада патент айына 5 миң рублдин тегерегинде болот).

Албетте, мигрант андай төлөмдөн качып, мекенине кетип калышы да мүмкүн, бирок андай ыктымалдык аздык кылат. Себеби Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жүз миңдеген жараны үчүн Россиядан башка жакка ишке орношууда тандоо жок.

Кандай болгон учурда да бул жардам кайрымдуулук эмес, келечекке болгон салым экенин түшүнүү керек. Бул – биздин орток келечек.

Жаңылыктар түрмөгү
0