19:37 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2064)
1053601

Элчилик коронавирустан улам ишсиз калган жарандарга жумуш берүүчү бир нече мекемелерди сунуштап, тизме берди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештер үчүн жумуш орундарынын тизмесин жарыялады.

Маалыматта Москва жана башка аймактардагы мекемелер жумушчуларга муктаж экени айтылат.

Москва шаары

  • Зеленоград аймагында кийим үтүктөгөнгө 10-класс билими бар, орус тилин билген эркектер жана аялдар керек. 2/2 күндүк график менен иштейт, айлык акысы — 30 миң рубль. Турак жай менен камсыздалат. Байланыш телефону: +79037202693;
  • Плитка, армстронг, шыбак боюнча мастер. Өзүнүн курал-жарагы барларга артыкчылык каралган. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша жума сайын берилет. Турак жай менен камсыздалат. Телефону: +79852333920;
  • Метро Отрадное жана Алтуфьеводо орус тилин билген, иш тажрыйбасы, паспорт, медициналык китепчеси жана каттоосу бар жарандарга дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль; Телефону: +79262230797;
  • Дүкөндү жууп-тазалоого (Нагатинская, Шипиловская, Домодедовская, Коломенская метролору) жумушчулар чакырылат. Маянасы — 40 миң рубль. Телефону: +79262230797;
  • Митино метросунда дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль. Телефону: +789262230797;
  • Волгоградский проспекти метросунда жууп-тазалоо иштери, айлык акысы — 47 миң рубль. Телефону: +789262230797.

Санкт-Петербург шаары

  • Тажрыйбалуу тигүүчүлөр тестирлөө жана медициналык кароодон өтүп жумушка кабыл алынат. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша айына эки жолу берилет. Түшкү тамагы бекер, жумушчу жашаган жеринин 30 пайызын төлөйт. Телефону: +79059767761;

Курск облусунун Железногорск шаары

  • Тажрыйбасы бар 100 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт. Айлыгы 50 миң рублге чейин. Телефону: +79059767761;

Ростов облусу, Шахты шаары

  • Тажрыйбасы бар 300 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 5/2, айлыгы 35 миң рублге чейин. Телефону: +79059767761;

Алтай крайынын Барнаул шаары

  • Тажрыйбалуу тигүүчүлөр талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт, маянасы 60 миң рублге чейин. Телефону: +79609452742;

Пушкин облусунун ВДНХ метросу

  • Тажрыйбалуу тигүүчүлөр керек, иш графигине жараша күнүнө 2200 рубль эмгек акы төлөнөт. Телефону: +79670948777;

Смоленск шаары

  • Гипсокартон менен иштегенди билген, вентиляция мастери талап кылынат. Күнүнө 12 саат иштейт, кызмат акысы күн сайын 2500 рублден берилет. Үч жолку тамак-ашы жана турак жайы бекер. Телефону: +79268582182, +7962987687;

Троицк шаары

  • Жуунучу кабина, унитаз, раковина жасоо иштерине эркектер талап кылынат. Эмгек акы жумуш көлөмүнө жараша төлөнөт. Телефону: 89263111990.

Мындан сырткары, жумушка байланыштуу маселелер менен КРдин Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн Facebook баракчасынан жана элчиликтин www.elchi.ru расмий блогунан таанышууга болот.

Маалымат телефондору: +7(901)7061356, +7(901)7611196, +7(980)0780332, +7(977)5973703.

Ал эми азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча кыргызстандыктар элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрыла алат.

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 – WhatsApp;
  • +7 (925) 387 45 97 – WhatsApp;
  • +7 925 103 29 11 – WhatsApp.

Ошондой эле Россияда КР жарандарын жумушка алууга кызыкдар уюмдар Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн электрондук почтасына predmigration@mail.ru арыз таштап же +7 (977)5973703 телефону боюнча кайрылса болорун эскертти.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерди киргизилген тартип, эрежелерди так сактап, ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2064)

Тема боюнча

Путин мигранттардын жашоосун жеңилдетти. Жаңы эрежелер
Россияда кыргызстандык жаран 206 адамга коронавирус жуктурду деп шектелүүдө
Белгилер:
телефон, мигранттар, мекендештер, Россия, жумуш, элчилик

ЭҢ МААНИЛҮҮ