Жээнбеков Россияда жашап иштеген кыргызстандыктарга кайрылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен бирге эки өлкөнүн кайчылаш жылын расмий ачып, сөз сүйлөштү.

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандан алыста жүрсөңөр да ар бириӊер ар дайым биздин оюбузда турасыңар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын салтанаттуу ачылышында айтып, мигранттарга кайрылды.

“Ар бириңер оюбуздасыңар. Россиянын жалпы элинин жана жетекчилигинин кыргызстандыктарга болгон жылуу мамилесин баса белгилейм. Муну биз жогору баалайбыз. Сиздер, урматтуу мекендештерим, биздин өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп жатасыздар. Биз чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен байланышты бекемдөөнү артыкчылыктуу багыт деп билебиз”, — деди президент.

Жээнбеков КР бийлиги Россиянын жана ЕврАзЭС мамлекеттеринин жетекчилиги менен бирге чет өлкөдө жашап иштеген кыргызстандыктардын жашоо, окуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу ишин мындан ары да уланта берерине токтолду.

Сөзүнүн соңунда президент мекендештерге бекем ден соолук, бакты-таалай, иштерине ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0