17:15 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
287 0 0

Сегиз мамлекеттен келген жарандар Кыргызстандан качкын макамын алган. Алардын кээ бири этникалык кыргыздар экени айтылды.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөн келген 206 качкын Кыргызстандан баш паанек алды. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, баш паанек алгандардын басымдуу бөлүгү Афганистандын жарандары.

"2020-жылдын 1-январына карата өлкөгө Афганистандан 90 киши, Сириядан 79, Украинадан 23, Ирактан 6, Тажикстандан 4, Ирандан 2, Мороккодон 1, Эфиопиядан 1 адам келген. Баары Кыргызстандын чек арасына келгенден кийин баш паанек сураган. Аларды алгач УКМКнын кызматкерлери барып текшерип, андан соң бизге кабарлайт. Биз 72 сааттын ичинде качкын макамын берүү маселесин карайбыз. Бул макамды алгандардын саны 1000ге чейин жеткен, бирок көбү кайра Европага кетип калышкан", — деди Ибраимжанов.

Ошондой эле ал Тажикстандан этникалык кыргыздар жана согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн качкындар келгенин билдирди.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын статистикасы боюнча 2942 кыргызстандык чет мамлекеттен баш паанек сураганын билдирди. Бул сандар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан 2018-жылга чейинки убакытка карата алынган.

Миграция кызматынын башчысы 12400 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө квота берилсе, анын 8900үн кытайлык жарандар алганын айтты.

Бирок бүгүнкү күндө кытайлыктардын 1953ү гана жүрөт, калганы жаңы жыл майрамына карата мекенине кетип, чек ара жабылгандан кийин келише электиги кошумчаланды.

Тема боюнча

Былтыр канча кыргызстандык РФ жарандыгын алды. Россия ИИМинин отчёту
Белгилер:
миграция, статистика, Кыргызстан, качкын

ЭҢ МААНИЛҮҮ