Москвада "Нелегал" рейди жүрүп, мигранттар текшерилип жатат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов
Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада кыргызстандыктар катуу текшерүүгө алынып жатканы боюнча ЖМКларга тараган маалыматка түшүндүрмө берди.

Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маселе болсо кайрылып тургула. ТИМ чет жактагы жарандар үчүн атайын номер ачты
Элчиликтен билдиришкендей, Москванын укук коргоо органдары "Нелегал" рейдин жүргүзүүдө. Анын алкагында кыргызстандык таксисттер гана эмес, башка өлкөдөн келген мигранттар дагы текшерилип жатат. Рейддин максаты — Москвада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо.

Элчилик ар бир Кыргызстандын жаранын миграциялык полициянын аймактык органдарына каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууга чакырат. Ошондой эле ортого ортомчуларды салбоо сунушталды.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0