16:25 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Премьер Абылгазиев сыртта жүргөн эмгек мигранттарын коргоп чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
398 0 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияга чыгуу, медициналык камсыздандыруу, айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорду таануу маселелерин карапайым элдин пайдасына чечүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү тууралуу айтты.

Ушул тапта Бишкекте "Евразия жумалыгы — 2019" форуму өтүп жатат. Ага өкмөт башчы дагы катышууда.

"ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттар барган мамлекетиндеги жарандар менен катар эле бардык укуктарын колдонушу керек. Бул нерсе ЕАЭБдин негизги максаты болуусу зарыл. Пенсияга чыгуу, медициналык камсыздандыруу, айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорду таануу маселелери карапайым элдин пайдасына чечилиши керек", — деди ал.

Мындан тышкары, Абылгазиев мигранттардын тапкан акчасын мекенине жөнөтүүгө коюлган чектөөлөргө дагы токтолду.

"Кыргызстандыктар үчүн чектелген сумма — 100 миң рубль болсо, Казакстан жарандарына — 150 миң рубль, армениялыктар үчүн — 1 миллион рубль. Бул нерсе биримдиктин нормаларына, тагыраагы, ЕАЭБ келишиминин 98-беренесине каршы келип жатат. Менимче, ар бир мигрант тапкан акчасын ээн-эркин жөнөтө алышы керек. Биздин жарандар үчүн бул маанилүү. Биз комиссиянын үнүн укпай жатабыз", — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт.

Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)

Тема боюнча

Абылгазиев: Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн шарт жакшырууда
Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразия жумалыгы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ