Россиянын дагы бир округунда КР элчилигинин канцеляриясы ачылат

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЗдание посольства Кыргызстана в Москве
Здание посольства Кыргызстана в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сургутта 2,5 миң, ал эми Россия боюнча 1 миллион 200 миң кыргызстандык каттоого алынган. Жаңы канцелярия паспорт, справка, күбөлүк берүү жана укуктук жардам көрсөтүү менен алектенет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Сургутта Кыргыз Республикасынын элчилигинин канцеляриясы ачылат. Бул тууралуу СИА ПРЕСС жергиликтүү басылмасы жазды.

Мындай чечим администрация башчысынын милдетин аткаруучу Алексей Жердев менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жолугушуусу учурунда кабыл алынган.

"Сургутта сиздин 2,5 миң мекендешиңиз жашайт. Биздин шаар көп улуттуу, аны 124 улуттун өкүлү байырлайт", — деди Жердев.

Элчиликтин кеңсесинде консулдук маселелер боюнча иш жүргүзүлөт (паспорт, справка, күбөлүк берүү, укуктук жардам көрсөтүү, Россия менен маданий, социалдык-гуманитардык мамилени чыңдоо).

Маалыматта РФтин аймагында 1 миллион 200 миң Кыргызстандын жараны бар экени, алардын жарымы Россиянын паспортун алганы айтылат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0