Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн 87,5 миң бала бар

Жазылуу
Мамытов ички миграциядан улам айрым жерлердеги мектептерде окуучулар көп болуп, мектептер үч смен менен окуп жатышканын кошумчалады. Андыктан билим алууга жеткиликтүүлүк боюнча көйгөйлөр бар.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эмгек мигранттарынын балдарынын саны 87 миңден ашты. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов мекеменин 2018-жылы жасаган иштери тууралуу баяндама жасап жатып маалымдады.

Ал өз сөзүндө балдарга карата зомбулук менен эмгек мигранттарынын балдарына байланышкан маселелер учурда абдан орчундуу экенин айтты. 2018-жылы балдарга карата зомбулук боюнча акыйкатчыга 11 арыз түшкөн.

"2018-жылдын 31-декабрына карата республика боюнча мигранттардын балдарынын жалпы саны 87 миң 454тү түздү. Ушундан улам Балдар тууралуу кодекске «эмгек мигранттарынын балдары» деген аныктама киргизүү зарыл", — деди ал.

Деятельность аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ички миграция солгундады
Мамытов ошондой эле Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 256 миң адамды түзсө, анын 2 миллион 119 миңи — жашы жете элек балдар.

Андан сырткары, ички миграциядан улам айрым жерлердеги мектептерде окуучулар көп болуп, мектептер үч смен менен окуп жатышканын кошумчалады. Андыктан билим алууга жеткиликтүүлүк боюнча көйгөйлөр бар.

Акыйкатчы миграция маселеси тууралуу айтып жатып, 2018-жылы чет жакта иштеп жүргөн мекендештердин 215и каза болгонун белгиледи.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0