Кыргызстанда ички миграция солгундады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность аэропорта "Манас"
Деятельность аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички миграциянын негизги себеби — региондордо жумуш орундардын жоктугу.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитети калктын ички миграциялык агымы тууралуу 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, өлкө ичинде жер которгондордун саны былтыркы жылдын ушул убагына караганда 14,4 пайызга төмөндөгөн.

Эл эң көп көчүп келген аймактар боюнча айта турган болсок, мурдагыдай эле Чүй облусу менен Бишкек шаарында жашагысы келгендер көп. 2018-жылы ички мигранттардын 64,4 пайызы Бишкекке, 35,6 пайызы Чүйгө келген.

"Ал эми элдин кетиши боюнча алдыңкы орунда Нарын облусу турат. Тагыраагы, бир миң нарындыктын тогузу кичи мекенин таштап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Ички миграциянын негизги себеби — региондордо жумуш орундардын жоктугу. Ошондуктан жер которгондордун басымдуу бөлүгү (48,9 пайызы) 20-34 жаштагы кыз-жигиттер.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0