Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык кыз табылып, анын кайда жүргөнү айтылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабатырланган кыздын энеси Кыргызстандан Россияга учуп барган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Туугандары "дайынсыз жоголду" деп издеп жаткан 21 жаштагы кыргызстандык кыз Москвадан табылгандыгын ИИМден билдиришти.

30-июнда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Жалал-Абадда туулган киши кайрылып, 21 жаштагы жакын тууганын (кызды - ред.) издеп жатканын билдирген.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада күчкө салып кармап турушат! Апасын алдаган кыргызстандык кыз табылды
Маалым болгондой, кыз үстүбүздөгү жылдын апрель айында жумуш издеп Россияга барган. Кийинчерээк  туугандары менен байланышка чыкпай калган. Өз алдынча издөө аракетинен майнап чыкпай, мындан улам  кыздын кабатырланган энеси Кыргызстандан Россияга учуп барган.

Москва полициясы менен биргеликте жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында кыз табылды. Ал уюлдук аппаратын жоготуп алгандыктан туугандары менен байланышка чыга албай жүргөндүгүн билдирген.

Териштирүү иштеринен кийин ал энеси менен Бишкекке учуп кеткен. Мекенинде анын жашы жете элек кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0