Россияда иштеген эмгек мигранттары пенсия ала башташат

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин пенсия жаатындагы келишими боюнча, мигрант кайсы чет өлкөдө иштеп, алардын пенсия фондусуна акча которсо, ошол мамлекет мигрант өз мекенине кеткен учурда да акча чегерип берет.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Россия жакында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден келген эмгек мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Бул тууралуу "360" телеканалы кабарлады.

Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты - инфографика - Sputnik Кыргызстан
Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин пенсия жаатындагы келишими боюнча, мигрант кайсы чет өлкөдө иштеп, алардын пенсия фондусуна акча которсо, ошол мамлекет мигрант өз мекенине кеткен учурда да акча чегерип бермекчи. Пенсия берүүдө мигранттын биримдиктеги өлкөлөрдө иштеген стажысы да эске алынат. Башкача айтканда, эгер мигрант ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин бир эмес, эки-үчөөндө иштесе, ал жактагы стажысына да пенсия төлөнөт.

Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан март айында түзүлгөн документти жакында Россия өкмөтүнүн алдындагы эксперттер кеңеши карап чыкмакчы. 

"Аталган документке күзүндө кол коюу пландалууда. Ошондой эле жылдын аягына чейин ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери аны ратификациялайт", — деп жазылат билдирүүдө.

Документке кол коюлуп, биримдиктин мүчө мамлекеттери аны ратификациялагандан кийин мигранттар көрсөтүлгөн келишим боюнча пенсия ала баштамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0