Россияда "миграциялык мунапыска" туш келген жарандардын тизмеси жарыяланды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын ФМС кызматкери. Архив
Россиянын ФМС кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграциялык кызматы мунапыс боюнча суроо болсо кайда кайрылуу керектигин айтып, телефон номерлерди жарыялады.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында өлкөнүн миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргызстандын жарандары миграциялык мунапыска туш болгон-болбогонун сайт аркылуу текшере алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Миграция кызматынан билдиришти.

Виды Москвы   - Sputnik Кыргызстан
Путин миграциялык мунапыстын мөөнөтү эмнеге узартылганын айтты
Ошону менен бирге Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтынан кара тизмеге кирген-кирбегенин текшерип алганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул категориядагы жарандарга Россия аймагына 2019-жылдын 1-майынан тартып кирүү сунушталат.

Мамлекеттик миграция кызматы РФтин миграция мыйзамдарын бузуу менен өлкө аймагында жүргөн мекендештерди "миграциялык мунапысты" пайдаланып калууга жана Россия аймагында жүрүү статусун мыйзамдаштырууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Бишкек шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

  • +996 (312) 64 17 64
  • +996 (312) 65 02 57

Ош шаарындагы Маалыматтык-консультациялык борбор:

  • +996 (3222) 2 50 87
  • Тынымсыз байланыш – 1899;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин тынымсыз байланыш номери - + 7 925 103 29 11

Ушул "миграциялык мунапыстын" алкагында негизсиз тоскоолдуктар болсо, Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча дароо байланышка чыгууга болот: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12 "А", e-mail: pred.migras@mail.ru жана тынымсыз байланыш номерлери:

  • +7 (925) 291 72 72;
  • +7 (495) 780 74 13;
  • +7 (495) 780 74 12;
  • +7 (495) 780 74 10.

Урал федералдык округунун телефону:

  • +7 963 450 55 00;

Сибирь федералдык округунун телефондору:

  • +7 395 243 67 09;
  • +7 923 333 07 93;
  • +7 963 268 72 42

Россияда КР мигранттарына берилген мунапыс кантип колдонуларын кенен билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0