01:08 22 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Якутск шары. Архив

Якутияда кыргызстандык мигранттардын ишине чектөө коюлбайт

© Sputnik / Игорь Агеенко
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
325 0 0

Жарлык документ патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү экендиги айтылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Якутиядагы мигранттардын иштешине коюлган чектөөнүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө, анын ичинен кыргызстандыктарга тиешеси жок. Бул туурасында РИА Новости Саха-Якутиянын жетекчисинин жардамчысы Ирина Ефимовага таянып кабарлады.

Аймактын башчысы Айсен Николаев шаршемби күнү 2019-жылы Саха (Якутия) Республикасынын аймагында чет элдик жарандарга патенттин негизинде экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, чарбалык субъектилерди тартууга чектөө койгон Жарлык чыгарган.

Бир катар ЖМКлар муну мартта Якутскиде болгон масштабдуу нааразылык менен чырдын башы болгон окуяга байланыштырган.

"Албетте, салынган тыюунун Кыргызстандын жарандарына жана ЕАЭБге кирген мамлекеттерге тиешеси жок. Жарлыкта документ патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү", — деп түшүндүрдү Ефимова.

Эске салсак, 2019-жылдын 17-мартында Якутияда жергиликтүү аялды Орто Азиядан барган мигранттар зордуктап кетти деген кабар тараган. Якутиянын укук коргоо органдары тергөөдө 23 жаштагы эркек киши аялды күчтөп автоунаага салып, гараж комплекстеринин биринде зордуктаганын аныктаган. Шектүү киши камакка алынып, анын эки таанышы да кармалган.

Кылмыш Орто Азиядан келген мигрант тарабынан жасалды деген маалымат коомдо резонанс жаратып, жергиликтүү тургундар митингге чыгып, нааразычылыгын билдирген. Мындан улам мигранттардын иштөөсүнө коркунуч жаралган.

Абалды жөнгө салуу үчүн Якутия менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү да жолугушкан.

Тема боюнча

Якутскиде жашылча киоскилерин талкалаган адамдардын тобу кармалды
Якутскиде зордуктоого шектелип кармалган эки кыргызстандык камакка алынды
Белгилер:
мигранттар, Якутия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ