Элчилик: быйылтан тарта Түркияга эмгек визасын берүү жеңилдетилет

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүВид на город Анкара
Вид на город Анкара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкө аймагында 102 агенттик кыргызстандыктарга чет жактан жумуш таап берүү менен алектенет. Анын 78и жарандарга Түркияда жумуш таап берүү менен иш алып барат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен эмгек мигранттарынын Түркияда иштөөсү үчүн виза алууну жеңилдетүү ыктымалдыгын талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда кыргызстандыктарды Түркияда ишке орноштуруу менен алектенген жеке компаниялар тарабынан көтөрүлгөн айрым көйгөйлүү маселелер талкууланган.

"Өзгөчө Кыргызстандын жарандарына эмгек визасын берүү жол-жобосу менен мөөнөтү каралды. Өз кезегинде элчи Женгиз Камил Фырат элчилик 2019-жылы айрым консулдук процедураларды жана аларды кароо мөөнөтүн кыскартуу боюнча коюлуп жаткан пландар тууралуу маалымат берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары, тараптар мамлекеттик миграция кызматынын, Түркиянын элчилигинин жана жеке агенттиктердин өкүлдөрү менен ийри отуруп түз кеңешүү боюнча макулдашышты.

Мэр Москвы С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра - Sputnik Кыргызстан
Россияга мигранттар кайсы өлкөдөн көбүрөөк барары айтылды
Ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов башында турган делегация Түркиядагы эмгек мигранттарынын укугун жана кызыкчылыгын коргоо маселелерин түрк тараптын тийиштүү органдары менен талкуулоо үчүн учуп кетти.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 710 миң жараны чет жакта иштеп жүрөт. Анын ичинен 30 миңи Түркияда. Ошол эле учурда өлкө аймагында 102 жеке агенттик кыргызстандыктарга чет жактан жумуш таап берүү менен алектенет. 78и Түркияда жумуш таап берүү боюнча иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0