Москвада полиция кармап кеткен 9 кыргызстандык кое берилди. Чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Парус" соода борборунан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары кармалган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин тынымсыз байланыш линиясына 6-февралга караган түнү Кыргызстандын жарандары кармалганы боюнча маалымат түшкөнүн аталган мекемеден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, элчиликтин өкүлдөрү Москва облустук ички иштер башкармалыгына барышкан. Натыйжада "Парус" соода борборунан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары кармалганы маалым болгон.

"Чет элдик жарандарды текшерүү санкциянын негизинде жүргөн. Себеби ушул райондо кылмыш болуп, азиат улутундагы киши шектелип жаткан экен", — дешти элчиликтен.

Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгында тогуз кыргызстандык кое берилген. Ал эми бир жаран уруксат кагазын узартууга берип койгондуктан, ага административдик протокол түзүлгөн. Полициянын өкүлдөрү ал жакынкы күндөрү кое берилерин маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0