07:44 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Кыргызстандын чек арасынан өтүп аткандар. Архивдик сүрөт

Депутат: чет элдиктерди депортациялоого мамлекет чыгым болбошу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
207 0 0

Депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров чет элдик жарандарды депортациялоо мамлекеттин эсебинен болбошу керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карашты. Ал экинчи окууга киргизилет.

"Чет элдик жарандарды мамлекеттин эсебинен бакпашыбыз керек. Өзүбүз абактагыларды бага албай жатып чет элдиктерди эмнеге багабыз? Аларды кетирели, эмнеге кармап отурабыз?" — деп суроо салды Назаров.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Жоробек Дүйшөмбиев ЖАМК өзү кетире албай турганын, ал үчүн Башкы прокуратура башка мамлекеттин органдары менен тийиштүү сүйлөшүү жүргүзүп макулдашууга жетсе, жеткирип бергенге дайым даяр экенин кошумчалады.

Дүйшөмбиев ошондой эле айрым чет элдик жарандар өз мамлекетине такыр баргысы келбей турганын, аларды экстрадициялоо үчүн өзү да "мамлекетиме өткөрүп бергиле" деп арыз жазышы керектигин айтты.

Депутат соттолгон чет элдин жараны качан өзү арыз жазат деп күтүп отура бербеш керектигине токтолду.

"Өзүнүн каалоосуна карабаш керек, ал биздин жаран эмес, аны өзүнүн мамлекетине бериш керек", — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушул убакка чейин бир да жаран мамлекеттин эсебинен депортация болбогонун айтты. Ал эми мамлекеттин эсебинен депортациялоо үчүн каралып жаткан 2,6 миллион сом бул 2024-жылга чейин абактан чыга турчулардын санын эсептеп чыккандан кийин кабыл алынганын билдирди.

Асанов учурда Кыргызстандагы абактарда чет элдик 360 киши жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, 2018-жылы 8 киши жазасын өтөп бүткөнүн, 2019-жылы 50 киши, 2020-жылы 36 киши өтөп бүтөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Чуңкурчакта миграция жана гендердик маселелер боюнча жыйын өтүп жатат
Трамп АКШда жүргөн мыйзамсыз мигранттардын санын айтты
Эми мигранттын балдарын туугандары камкордукка алуу менен гана бага алат
Белгилер:
абак, сот, жаза, депортация, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ