Эми мигранттын балдарын туугандары камкордукка алуу менен гана бага алат

CC BY 2.0 / John Mayer / DSC_5819Новорожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-декабрда Жети-Өгүздө мигранттын бир жарым жаштагы баласы таякталып, ооруканага түшүп, андан соң чарчап калган.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Депутат Айсулуу Мамашева Билим берүү министрлиги мигранттардын балдарын коргоо боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатканына кызыкты. Анын суроосуна министрдин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, бул боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканын айтты.

Депутаттын билдиришинче, класс жетекчилер да чет өлкөдө жүргөн ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп туруусу керек.

Эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жаткан Жусупбекова министрликке өкмөттүн аппаратынан мигранттардын балдарына жардам көрсөтүү боюнча маселени карап чыгууга тапшырма берилгенин белгиледи.

"Ата-энеси иштегени кеткен балдарды биринчи кезекте социалдык педагогдор өзүнчө каттоого алып, сырттан көзөмөл кылат. Биз чет өлкөгө кетип жаткан ата-эне балдарын улгайган адамдарга калтырбашын жана туугандары камкордукка алуусу боюнча каттоодон өтүшүн шарттаган сунуштаманы иштеп жатабыз. Эгер ал баласын тууганына милдеттендирип таштаса, анын жоопкерчилиги чоң болот да, көп көйгөйлөрдөн арылабыз. Ошондой эле соцпедагогдор баланы баккан үй-бүлөгө көзөмөл кылып турмакчы", — деди Жусупбекова.

Детский сад в квартале Гропиусштадт в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Кыргызстанда мигранттардын балдарын кантип коргоо керек
Эскерте кетсек, 23-декабрда Жети-Өгүздө бир жарым жаштагы наристе таякталып, ооруканага түшүп, андан соң чарчап калган. Буга шектелип 40 жаштагы аял кармалып, ал бөбөк шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган. Кийинчерээк ымыркайдын энеси, 21 жаштагы келин баласын таякесине калтырып, Россияга иштегени кетип калганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0