Россияда 10 млн. мигрант иштейт, алардын канчасы мыйзамсыз жүргөнү айтылды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүРоссиянын миграция кызматынын кызматкери. Архив
Россиянын миграция кызматынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы Россияга чет өлкөдөн 17 миллион жаран келгени айтылат.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиянын аймагында эки миллионго чукул мигрант мыйзамсыз жашап жүрөт. Бул туурасында РИА Новости Россия ИИМинин Миграциялык маселелер боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу Валентина Казаковага шилтеме берүү менен билдирди.

Работа КПП Чалдыбар-Автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Россияда иштейм деген кыргызстандык чек арадан эмне деп айтышы керек
Маалыматка ылайык, учурда Россияда иштеп жүргөн чет элдиктердин саны 10 миллионго жетет. Анын ичинен эки миллионго жакыны — документи жок же каттоого турбай жүргөн мигранттар. Ал эми 2018-жылы Россияга чет өлкөдөн 17 миллион жаран келгени айтылат.

Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө 750 миңден ашык кыргызстандык чет жерде иштеп жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0