Россияда мигранттардын көнүшүп кетиши үчүн атайын борборлор ачылышы мүмкүн

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКурулуш объектисиндеги куруучулар. Архив
Курулуш объектисиндеги куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул борборлордо чет өлкөлүктөр орус тилин үйрөнүп, өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен таанышышы керек.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиянын региондорунда мигранттардын оңой көнүп кетүүсү үчүн коммуникация борборлорун ачуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Таксист в Москве Кайрат Тентимишев - Sputnik Кыргызстан
Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум
РФтин улуттар аралык мамилелер жана диний бирикмелер менен кызматташуу кеңеши Улуттар аралык маселелер боюнча федералдык агенттик жана Маданият министрлигине бул маселени карап чыгууну сунуштады.

Идеянын авторлорунун пикири боюнча бул борборлордо чет өлкөлүктөр орус тилин үйрөнүп, өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен таанышышы керек.

Эске салсак, мигранттардын ыңгайы үчүн жасалып жаткан иштердин катарына пенсия маселеси дагы кирет. Жакында эле мигранттардын пенсиясы боюнча ЕАЭБде мамлекеттер аралык келишим иштелип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0