Россияга барып алданып калган кыргызстандыктар боюнча элчилик үн катты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу мигранттар. Архив
Аэропорттогу мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тийиштүү чараларды көрүү үчүн бардык материалдар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын Москва облусунун Руза районундагы Щелковка айылына LG компаниясына иштейбиз деп келип, алданып калган 20 кыргызстандык тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги үн катты.

Ага ылайык, кыргызстандыктарды Россияга Бишкектеги "Гавхар" компаниясы жөнөткөн.

Снежный циклон во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Адис: кара жумушта иштеген кыргызстандык мигранттардын саны азайды
Элчиликтин өкүлдөрү 2-декабрда алданып калган кыргызстандыктар менен жолугугуп, кабар алган. Жолугушуунун жыйынтыгында КР жарандарын Россияга ишке жиберген "Гавхар" компаниясына карата чара көрүлсүн деген чечим кабыл алынган.

3-декабрда элчиликтин кызматкелери ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү болуп кыргызстандыктар менен жолуккан. Бүгүнкү күнү аталган факты боюнча чогултулган бардык документтер КРдин тийиштүү органдарынын текшерүүсү үчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0