Атайын комиссия Москвадагы кафелерди кыдырып, мекендештерди тартипке чакырды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКафе. Архив
Кафе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия мүчөлөрү кыргыздар иштеткен төрт кафе, ресторанга барышкан.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Москвадагы кыргызстандыктарга түшүндүрүү жана жагымсыз окуялардын алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссия көңүл ачуучу жайларды кыдырып чыкты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Комиссиянын курамына КР ИИМдин өкүлчүлүгүнүн, Миграция кызматынын, элчиликтин кызматкерлери жана Москвадагы кыргыз диаспораларынын Координациялык кеңешинин төрагасы башында турган бир катар активисттери кирген.

"Комиссия мүчөлөрү 6-октябрда "Гранат" жана "Тойкана" ресторанына, "Султан" чайканасына жана "Черкиз" кафесине барды. Алар өз мекендештерин Россиянын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоого чакырып, ошондой эле коомдук жайларда өзүн алып жүрүү этикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн", — деп жазылат маалыматта.

Пассажиры у информационного табло в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мыйзам бузган 3847 киши Россиядан чыгарылды. Арасында КР жарандары да бар
Мындай иш-чаралар дагы да улана турганы айтылат.

Эскерте кетсек, 9-сентябрда Москвадагы кыргыздар иштеткен кафелердин биринде кыргызстандыктар чырдаша кеткен. Анда мекендештерин унаа менен койдурду деп шектелип 21 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу жаран кармалган. Кырсыктын кесепетинен тогуз киши жабыркап, бешөө ооруканага түшүп, дагы бирөө каза тапкан. Ошол учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси көтөрүлгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0