Мыйзам бузган 3847 киши Россиядан чыгарылды. Арасында КР жарандары да бар

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПассажиры у информационного табло в аэропорту. Архивное фото
Пассажиры у информационного табло в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалымат боюнча Россияда 630 миң кыргызстандык эмгектенет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусу боюнча Сот приставдары кызматынын федералдык башкармалыгы өлкөдөн 3847 адамды чыгарып салганын кабарлады.

Соттун чечими менен алардын мыйзам бузганы аныкталып, Россиянын аймагында жүрүүгө тыюу салынган. Андан соң аларды чек арага чейин коштоп барып чыгарышкан.

"Мыйзам бузгандар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Алардын басымдуу бөлүгүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары түзөт. Арасында Синегал, Конго, Алжир мамлекетинен баргандар да бар. Алар Россиянын аймагында жүрүү жана иштөө мыйзамдарын бузуу беренелери боюнча айыпталып, соттук пристав менен беш жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынды", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдагы расмий маалыматы боюнча 630 миң кыргызстандык Россиянын аймагында эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0