Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУничтожение старых банкнот в Банке России
Уничтожение старых банкнот в Банке России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Россиядагы миграция боюнча өкүлчүлүгүнө айлыгын ала албай жатканына арызданып, 433 адам кайрылган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Акыркы жарым жылда КРдин миграция боюнча мамлекеттик кызматынын кийлигишүүсү менен Россияда айлыгы төлөнбөй жаткан кыргызстандыктарга 36 миллион 754 миң рубль өндүрүп берилген. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган мезгил ичинде КРдин Россиядагы миграция боюнча өкүлчүлүгүнө жалыйнасын ала албай жатканына арызданып, 433 адам кайрылган.

"Алардын ичинде иш берүүчү акчаны айылыктан мыйзамдуу түрдө кармап калган учурлар бар. Ага ишке чыкпай калган, кечиккен же материалдык чыгым келтирген учурлар кирет. Ал эми иш берген тарап айлыгын жөн жерден эле төлөбөй койгон учур боюнча РФтин Тергөө комитетинин башкармалыгына 243 арыз жиберилген. Жыйынтыгында көп суммадагы акчаны төлөбөй жүргөн фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон", — деп айтылган маалыматта.

Уничтожение старых банкнот в Банке России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды
Эмгек мигранттары негизинен каттоого убактылуу туруу, Россиянын аймагына кирүүнү чектеген тизмеден чыгуу, иш берүүчү менен эмгек келиши түзүлбөй жана айлык акыны бербей койгон маселелер менен кайрылышат.

Маалыматта мигранттарга ар тараптуу жардам берип жана кызыкчылыгын коргоо үчүн РФтин эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматы, РФ ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгы, андан сырткары, бир катар мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз иштешүү маселелери талкууланып жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0