12:15 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Россия Федерациясынын миграция кызматынын кызмамткери. Архив

РФтин миграция мыйзамына өзгөртүү кирди. Кыргыз мигранттарга тийгизчү таасири

© Sputnik / Александр Кондратюк
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
239110

Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев жана Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунда конокто болуп, ички, тышкы миграция маселелери боюнча маек курду.

Россия Федерациясынын аймагында жүргөн мигранттар эми жашаган жери боюнча гана каттоого турууга тийиш. Мыйзамга болгон мындай өзгөртүү ушул жылдын 8-июлунан баштап күчүнө кирди.

Чет жакка чыккан кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү дал ушул Россияда иштеп жүргөндүктөн, жаңы мыйзамдын мекендештерге кандай таасир этерин билип көрдүк.

— Сиздердин маалымат боюнча учурда башка мамлекеттерде иштеп жүргөн жарандарыбыздын саны канча?

Алмаз Букалаев: — Тилекке каршы, бизде так айтуу кыйын, бейрасмий маалыматтарда 700 миңге  чукул, алардын 630 миңи Россияда эмгектенет.

Вице-консул Посольства Кыргызстана в России Алмаз Букалаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев

— Жакында эле ошол 630 миңге чукул мекендештер жүргөн бул өлкөнүн миграциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилбедиби?.. Кененирээе айтып бериңизчи.

А.Б.: — Ооба, мурда Россияга барган мигранттар иштеген жеринде деле каттоого тура алчу. Ушул жылдын 27-июнунда Россия президенти Владимир Путин тарабынан кол коюлуп, 8-июлдан баштап күчүнө кирген өзгөртүүлөр боюнча эми жарандар жашаган жерине гана каттоого турушу керек. Мындай кадамдар КР жарандарынын ал өлкөдө иштеп, жашашына терс таасирин тийгизет деп айтып жатабыз. Бирок ал кандай иштейт биз азыр билбейбиз да. Мыйзамдын аткарылышы кандай тартипте болоорун тактоо максатында биздин элчилик РФтин Тышкы жана Ички иштер министрликтерине сурам жөнөттү. Бул өзгөртүүлөрдү бир тараптуу карай берген туура эмес. Анткени мурда юридикалык тараптар каттоого алганы менен эч кандай жоопкерчилиги жок болчу. Коомчулукта "жаңы эрежелер мигранттарды азайтуу максатында киргизилип жатыптыр" деген кептер тарап жатат. Ал эми Россия мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдүн башкы максаты жасалма документ жасагандарды жок кылуу деп билдирүүдө. Биз бул багытта анализ жүргүзүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү уланта беребиз.

— Россия тараптын мындай жобосу ЕАЭБдин мыйзамдары менен дал келеби?

А.Б.: — Негизи эле каттоо маселеси миграция жаатындагы көйгөйлөрдүн бири. Аны чечүү максатында 2017-жылы Россия менен 15тен ашуун сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле ЕАЭБдин мыйзамдарына бир нече өзгөртүүлөрдү, анын ичинде ушул каттоо маселесин жоюуну сунуштап келебиз. Бул жерде Армения Кыргызстанды колдогону менен Казакстан, Белоруссия каршы чыгууда. Ошентип маселе чечилбей келет. Бул багытта сүйлөшүүлөр улана бермекчи.

Заведующий отделом трудовой миграции граждан за рубежом ГСМ КР Улан Шамшиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев

Улан Шамшиев: — Биз азырынча бул мыйзам кандай аткарыларын, бузулган учурда кандай жаза көрүлөрүн билбейбиз. Негизинен мыйзам өзү өзгөргөн жок. Тактоо иретинде гана болуп жаткан иштер. Биринчиден, мигранттарды ишке алгандар жеке жакпы же юридикалык жакпы, ушул нерсе такталып жатат. Экинчиден, юридикалык жак өзүнүн турак жайы болсо гана каттоого тургуза ала тургандай абал түзүлүүдө. Башкача айтканда, алардын жоопкерчилиги пайда болот. Мурда деле мигранттын каттоодо турган жеринде жашабаганы аныкталса, Россиянын Миграция кызматы тарабынан айыпка тартылып, өлкөдөн чыгарылганга чейин барчу. Бул мыйзам иштеп эле келе жаткан. Дагы бир жагдай, мурда юридикалык жактар акча жасаш үчүн миңдеп, жүздөп мигранттарды каттоого коюп алчу. Каттоого койгону үчүн ошол жарандардан акча алышчу. Мыйзамга азыркы кирген өзгөртүүлөр биринчи кезекте бизнестин мына ушул  түрүнө бөгөт коет. Анан албетте, мындан КРдин жарандары жабыркай турган болсо, алардын укугун коргоп, ыңгайлуу шартта иштеп, жашашы үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.

— Чет өлкөгө чыккан жарандар элчиликтердин ишине көп нааразычылыктарын билдиргенине күбө болобуз да. Башка мамлекеттердикине салыштырышып, биздин элчилик, консулдук кызматтар жакшы иштебейт деген пикирлер айтылат, мунун себеби эмнеде?

А. Б.: — Мисалга, бир эле Москва облусун алсак, ал жакта 250-300 миңдей кыргызстандык бар. Бул Нарын сыяктуу бир облустун калкына барабар десек болот. Ал эми элчиликте болгону 15 адам иштейт. Алар колунан келген бардык аракетин жасап иштейт. Күнүнө 100-150гө чейин адам кабыл алышат. Учурда РФте  футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатпайбы, ошол сындуу түрдүү масштабдуу иш-чараларда жер-жерлерди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Кандайдыр бир кырсык же жагымсыз окуялар болгондо ошол аймакка жетип барышат. Жылдан жылга биз Россиянын башка аймактарына да консулдук кызматтарды ачып жатабыз. Дагы бир көйгөй — каражат маселеси. Чет жерлерде эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин укуктук жана башка маселелери жөнүндө президент, өкмөт башчы, бийликтин жогорку бутактарынын баары эле билет, аларды чечүүгө аракеттер көрүлүүдө. Мен коомчулукту бул маселеге түшүнүү менен кароого чакыраар элем.

— Чет жерде жүрүп документтерин жоготуп же башка себептер менен кайра алыш керек болсо элчилик канчалык деңгээлде жардам бере алат?

А.Б.: — Элчилик, консулдуктардын ачылгандагы эң башкы милдети ушул. Өз өлкөсүнүн жаранынын документтерин тариздөөгө көмөк көрсөтүү. Бул иштер электрондук маалыматтык система киргенден бери алда канча оңой болуп калды. Мисалы, мурда жарандарыбыз паспортун алмаштыруу үчүн 2-3 ай күтсө, азыр 2-3 жуманын ичинде эле жаңы документин колго алышат. Анткени кагаз менен толтурулуп, почта аркылуу жөнөтүлчү кадамдардын баары электрондошту. Консулдук кызматтар мындан сырткары да бул жакта мамлекет көрсөткөн бардык кызматтарды аткарат.

— Ал эми Корей мамлекетине чыгып жаткан эмгек мигранттары тууралуу эмне айта аласыздар?

У.Ш.: — Корея менен Кыргызстандын бул багытта келишимдин негизинде иштеп жатканына көп жыл болуп калды. Алардын дүйнө жүзүндөгү бир нече мамлекеттерден жумушчуларды чакырган программасына ылайык үч шартка карашат. Биринчиси — жарандын тил билүүсү, андан соң анын күч-кубаттуу болуусу жана ден соолугунун сактыгы. Бул үч этаптан өткөн жарандар талапкерлер тизмесине кирет. Иш сунуштаган компания бул тандоолордон өткөндөрдүн анкетасын карап туруп эле өзүнө керектүүлөрдү жумушка чакырат. Акыркы убактарда бул өлкөгө да өз алдынча жумушка жөнөтөбүз деген шылуундар пайда болуптур. Аларга ишенбеш керек. Анткени Корея мыйзамды өтө катуу кармаган өлкө, миграция маселеси аларда толугу менен жолго коюлган. Бир да кыргызстандык туристтик виза менен барып ал жакта иштеп кала албайт. Андыктан "2 миң доллар бер, 5 миң доллар бер, мени сени Кореяга жумушка жөнөтөм" дегендерге ишенбегиле.

— Акыркы жылдары Түркия өлкөсүнө ишке чакыруулар көбөйдү. Ошону менен катар эле түрдүү шылуун компаниялардын курмандыгы болгондордун саны өсүүдө. Бул мамлекет менен кандай келишимдер бар, жарандарыбыздын укугу канчалык корголгон?

У.Ш.: — Ооба, 2016-жылдан башап Түркия мамлекетине көп чыгып жатышат. Учурда 35 миңдей кыргызстандык бул мамлекетте иштеп жүрөт. Түркия жарандарды жумушка түз чакырганды туура көрөт. Андыктан алар жеке агенттиктердин кызматынан пайдаланышат. Ал агенттиктерге мамлекет лицензия берет. Учурда мындай уруксат менен иштеп жаткандарынын саны 60тан ашты. Түркияга барганда алданып калбаштын эң эле оңой жолу — кызмат сунуштап жаткан агенттиктин кеңсесине барганда алгач эле лицензиясын сураш керек. Мамлекет тарабынан уруксат алып, мыйзамдуу иштеп жаткан агенттик аркылуу жиберилген жаран кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болуп калса да биз кийлигише алабыз. Ал эми кайсы агенттик уруксат кагазы менен иштей турганы www.oes.kg сайтында көрсөтүлгөн. Ошондой эле эгер жарандар адам сатуу, адам уурдоо же башка бир эмгек мигранттарынын укугу бузулган учурларда 189 номуруна чалса болот.

А.Б.: — Мен учурдан пайдаланып жалпыга маалымдоо каражаттарына да кайрылып кетким келет. Жарнама алаарда акчасына кызыга бербей, ушундай чет мамлекетке жумуш сунуштаган рекламалары менен келген ишканалардын лицензиясын сурап, ошонусу менен кошо жарыяласа.

— Кошуна мамлекеттен биздин өлкөгө келгендердин да саны жылдан-жылга арбып жаткандай. Өзгөчө Кытай жарандары көп деген сөз бар.

У.Ш.: — Быйылкы жылы март айында өкмөттүн №630 токтомунун негизинде бизге келген мигранттардын жүрүү тартиптерине да өзгөртүүлөр киргизилди. Эми Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу жакынкы мамлекеттерден келген эмгек мигранттары бир жылга уруксат алат. Ал эми сезондук иштерге келгендер бул жерде көрсөтүлбөй калган. Ошонун негизинде биз жаңы эреже сунуштап жатабыз. Ага ылайык, кошуна мамлекеттерден кыска мөөнөткө иштөө үчүн келген жарандар жергиликтүү бийликтен патент алып, иштей беришет. Учурда бул милдетти жергиликтүү бийлик аткара алабы деген суроонун үстүндө иштер жүрүп жатат. Буюрса, ушул жылдын сентябрына чейин бул маселе чечилет. Ал эми Кытай жарандары тууралуу айта турган болсок, былтыр өлкө аймагына 31 миң 200 кытайлык келген. Бул өтө деле көп эмес. Мунун ичинде саякаттап, окууга келгендери бар. Жыл аягына чейин 27 миңи чыгып кеткен. Кытайлык жарандар иштегенге бир жылга уруксат алышат.

Тема боюнча

Шамшиев: миграциялык маселелер боюнча 189 номерине чалуу керек
Букалаев: чет мамлекетте жүргөн жарандар үч жумада паспортун алмаштыра алат
Белгилер:
мыйзамдар, миграция, Улан Шамшиев, Алмаз Букалаев, Кыргызстан, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ