13:40 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Москва шаары. Архивдик сүрөт

Москвада 42 кыргызстандык кармалды. Элчиликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Наталья Селиверстова
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
79101

Учурда 10 кыргызстандыктын документтерин текшерүү уланууда.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Москвада футбол боюнча дүйнө чемпионатында коопсуздукту камсыздап, документтерди текшерип жүргөн учурда милиция кызматкерлери кыргызстандык 42 жаранды кармады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта чет өлкөлүк бир нече жаран кармалгандыгы, алардын арасында кыргызстандыктар да болгону айтылган.

Элчиликтин кызматкерлери КР жарандарынын укугу менен кызыкчылыгын коргоо максатында Москванын Таган районунун полиция бөлүмүнө жүрөт.

Учурда кармалган 42 кишинин 30унун документтери текшерүүдөн өтүп, мыйзам бузуу жок болгондуктан кое берилген. Калган 10 кыргызстандыктын документтерин текшерүү уланууда.

Маалыматта элчиликтин кызматкерлери документтерди текшерүү бүткөнгө чейин кала тургандыгы айтылды.

Тема боюнча

Эми айтып беребиз! Молдокадырова менен Самудиновдун АКШдан тартылган видеосу
Россияда келинчегин өрттөп жиберди деген кишинин күнөөсү далилдене элек
Белгилер:
элчилик, текшерүү, документ, Мигрант, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ