Москвадан алыс эмес жердеги "кыргыз айылында" жашаган мигранттар. Репортаж

© Sputnik / Кирилл КалинниковМосквадан алыс эмес жердеги "кыргыз айылында" жашаган мигранттар
Москвадан алыс эмес жердеги кыргыз айылында жашаган мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадан 120 чакырым аралыкта кыргызстандык мигранттар жашай турган Россиядагы алгачкы айыл курулуп жатат. Ал эми жер тилкесине кыргыз паспорту менен ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз айылынын кабары интернетке желдей тарады. Кабарчы Лев Рыжков жана сүрөтчү Кирилл Калинников жаңы конушка барып, курулушту өз көздөрү менен көрүп, жергиликтүү тургундар менен баарлашып кайтышты.

Ажайып табият койнунда

Кыргыз кыштагы Тула облусунун Заок районунда, Москвадан 120 чакырым аралыкта жайгашкан. Жаратылышы көздүн жоосун алат. Бул жагынан Тула Москва облусунан алдаканча артык. Балык уулоону жактыргандарга да, табияттын табигыйлыгын баалагандар үчүн да абдан сонун жер. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көлмөдө балык көп. Ал эми мурда арыкта сыңар калактуу кайыктар көп болсо, бирок азыр дайрада кемчеттер жайнайт.

© Sputnik / Кирилл КалинниковКыргыз кыштагы Тула облусунун Заок районунда, Москвадан 120 чакырым аралыкта жайгашкан
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кыштагы Тула облусунун Заок районунда, Москвадан 120 чакырым аралыкта жайгашкан

Жергиликтүү тургундардан жолду сурап алыш үчүн токтодук. Жаңы коңшулары туурасында айылдыктардын маалыматы аз.

"Алар менен тааныш эмеспиз. Кээде эле алар дүкөнгө келип калышат, бирок азырынча жакындан сүйлөшүп көрө элекпиз", — деди Алла Клушина.

Кыргыздар отурукташкан жерде мурда эч ким жашаган эмес. Жөн гана талаа болчу, эми жеке турак жай курулушу үчүн тилкелерге бөлүнүп сатылган.

Дагы бир жергиликтүү тургун кыргыздар жалпысынан ынтымактуу балдар экендигин айтты.

"Курулуш башталган жерде боз үй да турат", — деди биздин маектеш.

Кызыгы ого бетер арта түштү. Албетте, Орто орус дөңсөөлөрүнүн дал борборунда тигилген кыргыз боз үйүн көрүүгө ашыктык!

© Sputnik / Кирилл КалинниковАлгачкы таасир — бири биринен окчун ондогон үйлөр тургузулуп жаткан мейкин талаа
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы таасир — бири биринен окчун ондогон үйлөр тургузулуп жаткан мейкин талаа

Жол белгисин таптык: "Клищино айылы, Енисей көчөсү, ИЖС тилкелери". Ошентип "кыргыз айылы" атыккан жердебиз.

Кичи СССР

Алгачкы таасир — бири биринен окчун ондогон үйлөр тургузулуп жаткан мейкин талаа. Эң жакын курулуштун тушунда тракторлор токтотулган.

Адеп бизди абай сала кабылдашты.

"Силер, журналисттер, эмнеге биз жөнүндө болбогон кепти жазып жатасыңар?" — деп жарга такашты жергиликтүү тургундар.

© Sputnik / Кирилл КалинниковАзыркы тапта Енисей көчөсүндө эки үй-бүлө отурукташкан, экөө тең кыргыздар. Бири Кыргызстандан жаңы эле көчүп келген
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Азыркы тапта Енисей көчөсүндө эки үй-бүлө отурукташкан, экөө тең кыргыздар. Бири Кыргызстандан жаңы эле көчүп келген

Бирок андай дооматтар бизге эмес, Тула облусунда кыргыз анклавы пайда болгон имиш деп жазган маалымат агенттиктерине даректелиптир. Бирок жаңы конушту байырлагандардын айтымында, бул андай эмес. Айрым тилкелерди өзбек, молдован, армяндар да энчилеген.

"Мында кичи Советтер Союзу болот. Бардык улуттардын өкүлдөрү жайгашат", — деди Адилет аттуу жаш жигит.

Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
Азыркы тапта Енисей көчөсүндө эки үй-бүлө отурукташкан, экөө тең кыргыздар. Бири Кыргызстандан жаңы эле көчүп келген. Тагыраак, үй-бүлө башчысы Москвада иштеп жер тилкесин сатып алып, үй курган соң бүлөсүн көчүрүп келген. Анын жубайы, эки кичине баласынын Россияда жашай баштаганына араң он күндүн жүзү болду. Ал эми азыркы чакта үй-бүлө атасы жумушсуз. Бирок иш табылат, себеби ал кеңири тармактагы адис катары курулушта иштеп же дүкөндө соода кыла алат.

Аз чыгым

Кыштакка кире бериште жашаган экинчи үй-бүлө көп бүлөлүү өңдөнөт. Үйдөн балдар, аялдар баш чыгарып жатышат. Алардын бири — мына-мына көз жарам деп турган Венера менен тааныштык.

© Sputnik / Кирилл КалинниковВенеранын үй-бүлөсү Клищино айылында быйыл жалгыз кыштаган
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Венеранын үй-бүлөсү Клищино айылында быйыл жалгыз кыштаган

Венера үйдү көрсөтүүгө макул болуп, бирок өзүн сүрөткө тартуубузду каалаган жок. Үй сыртынан көрүнгөндөн да чоң окшойт деген ойдо элек. Бирок беш бөлмө жана ашканасы бар экен. Эки кабат. Хансарайдай эле бар.

Акча жөнүндө собол салганыбыз ыңгайсыз болсо кызыгуубуз жеңип кетти. Тактап көрсөк, бул тамды курууга миллион рублден бир аз көбүрөөк каражат сарпталыптыр. Москвада мындай акчага калаанын жака белинен да бир бөлмөлүү үй сатып алуу мүмкүн эмес.

Бирок Венеранын кошунасы Адилеттин үйү миллиондон да аз акчага тургузулмакчы.

"Курулушчуларды жалдаган жокпуз, үйдү өзүбүз курдук. Эми ичин жасоого кириштик", — деди ал.

Баштапкы чыгым — жер тилкесин сатып алуу. Енисейдеги жер тилкелеринин сотыхы 25 миң рубль турат. Тилкелердин адаттагы көлөмү — 8 сотых. Бул аймактагы жер кыртышы да дурус. Кара топурак.

Венеранын айтымында, эбак эле ачык жерге картошка, пияз айдап алышкан. Жакында гүл отургузушат.

© Sputnik / Кирилл КалинниковЕнисейдеги жердин бир сотыхы — 25 миң рубль. Стандарты — 8 сотых
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Енисейдеги жердин бир сотыхы — 25 миң рубль. Стандарты — 8 сотых

Талаадагы кыштоо

Венеранын үй-бүлөсү Клищино айылында быйыл жалгыз кыштаган.

"Негизинен кыштан көйгөйсүз, жакшы чыктык. Үйдө электр жарыгы бар, кыш бою эки гана ирет өчтү. Бизге жакшы меш орнотуп беришкен. Отун жагып чыктык. Башта эле 8 куб метр алганбыз. Ишенбейт чыгарсыздар, бирок ал бизге жетти. Ашып да калды. Меш коюп бергендерге ыраазыбыз", — деди аял.

Венеранын бүлөсү ноябрда, Клищино айылына жаңыдан жайгашканда бир күчүк келип алат. Кубалашпайт. Ит үйгө өзү келиши жакшы жышаан эмеспи. Азыр Мартин чоң ит болгон, аябай ынак, балдар менен бериле оюн салат.

"Бул жер бизге аябай жагат. Абасы таптаза. Жаратылышы да Кыргызстанга абдан окшош. Балдарды да эч чочулабастан сыртка чыгара алабыз", — деди келин.

Буга чейин Венера көп жыл жашаган Москвада мындан алдаканча начар, кымбатыраак эле.

"Элестетип көргүлө, Москвадан жумушума чейин бир сааттан ашык жол эле. Бул жактан деле ошондой убакытта жетем. Бирок Москвадан айырмаланып мында өз үйүм бар.Үстүңдө үйүң болгон кандай экендигин эми аңдадым. Тапкан акчаңдын көп бөлүгүн айына бир (же эки ирет) ижара акысы үчүн бейтааныш эле бирөөгө бере бербей жаныңда калганы чындап эле бакыт тура", — деп сыр бөлүштү Венера.

© Sputnik / Кирилл КалинниковҮйлөрдүн көпчүлүгү бир типте. Бир тамдык курулушуна эң көп дегенде бир жума кетет
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Үйлөрдүн көпчүлүгү бир типте. Бир тамдык курулушуна эң көп дегенде бир жума кетет

Кыштакта жүрсөң алыскы айылга келип алгандай сезим болот экен, бирок тегерек-четинин баары ири шаарлар. 20 чакырым алыстыкта — Алексин, андан бир аз ыраак — Серпухов. Тула 50 чакырым алыс.

"Тиричилик жагынан да эч кыйынчылылыгы жок. Пахомоводо эки дүкөн бар. Ошол эле жактагы мектепке кызымды ар таңда жеткирип турам. Бейтапкана да ошол эле жакта. Эгер кино же театрга баргыбыз келсе, тез эле жетип ала турган бир нече калаа бар", — деди Венера.

Албетте бул үй-бүлөнүн унаасы бар. Бирок унаасы жоктор кантет? Көрсө, ал деле көйгөй жаратпайт экен. Кыштактан 15 мүнөттүк жолдо темир жол бар. Электричка бат-баттан каттайт. Машинасыз деле күн көрүүгө болот экен.

© Sputnik / Кирилл КалинниковКыргыз айылынын тегерек-четинин баары ири шаарлар. 20 чакырым алыстыкта — Алексин, андан бир аз ыраак — Серпухов. Тула 50 чакырым алыс
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз айылынын тегерек-четинин баары ири шаарлар. 20 чакырым алыстыкта — Алексин, андан бир аз ыраак — Серпухов. Тула 50 чакырым алыс

Кең келечек

Тилкелердин биринде үй куруп жаткан жергиликтүү курулушчулар менен да баарлаштык.

"Үйлөрдүн көпчүлүгү бир типте. Бир тамдык курулушуна эң көп дегенде бир жума кетет. Айылда жумуш жок. Ал эми курулушта оокат табабыз", — дешти алар.

Жаңы көчүп келгендерге жергиликтүү тургундар да каршы эмес.

"Кыргыздар жакшы. Бейбаштык кылышпайт, мыйзам бузушпайт. Улууларга абдан сый келишет", — дейт курулушчулар.

Коңшуңду кошо тап

Енисей көчөсүнүн тарыхын анын алгачкы тургуну Барикан Айылчиева мындайча баяндайт.

Рейд ФМС по выявлению нелегальных мигрантов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү
"Кыргыз кыштагын түзүүгө эч ким ниеттенген эмес. Мен өзүм Кыргызстандан болом, бирок 37 жылдан бери Россияда жашайм. Жакында эле жер тилкесин сатып алгам. Мында эмес, бир аз ары жактан. "Коңшуңду кошо тап" деген акция жүрүп жатканын уктум. Эгер дагы бир кардар таап келсең, жер тилкеси 10 миң рублге арзандатылат. Же төлөп кутулсаң, сен тарткан киши да жер сатып алса, сага 10 миң рубль сыйлык берилет экен. Ошентип кишилерди чакыра баштадым", деп эскерет ал күндөрдү Барикан.

Мынчалык көп коңшу тартыларын эч ким ойлобосо керек.

"Социалдык медиада тамаша-чынга сала: "Саламатсыздарбы, кымбаттуу мекендештер!" деп жазып кайрылдым. Ошентип башталды! Мага чалып да, келип да жатышты. Алар үчүн мен варианттарды карап жаттым. Жыйынтыгында биздин биринчи айылда жүз жыйырмадан ашуун тилке сатылды", — деп айтып берди аял.

© Sputnik / Кирилл Калинников156 тилкеден азыркы тапта 130дайы сатылды. Негизинен ээлери Кыргызстандан келгендер
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
156 тилкеден азыркы тапта 130дайы сатылды. Негизинен ээлери Кыргызстандан келгендер

Биринчи кыштак Климовка деп аталып, Алексин шаарынан 14 чакырым ыраакта. 156 тилкеден азыркы тапта 130дайы сатылды. Негизинен ээлери Кыргызстандан келгендер. Бирок жаңы көчүп келген климовкалыктардын арасында орустар да, грузин, өзбектер да бар. Быйыл Климовкага эки жыл толот.

Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муктаж болсоң кайрыл! Кыргызстандын РФтеги консулдуктарынын дайын-дареги
"Былтыр ушул талааны таптым. Туура бир жыл мурун бул жакка отурукташтыра башташты. 2017-жылдын 18-майында алгачкы келишим түзүлгөн", — деди Айылчиева.

Енисей көчөсү жалпы 478 тилкеден турат. Азыркы чакта алардын баары сатылып бүттү. Жеке турак жай курулуш тилкесинде эч кандай көйгөйсүз жана керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн ортомчуларсыз эле катталууга болот. Жаңы көчүп келгендерге Барикан өзү кеңеш берип, кандай документтерди толтуруу керектигин, кандай кызматты мамлекеттен акысыз алууга боло тургандыгын айтып берет.

"Каттоого турган адамдарга медициналык жардам бекер көрсөтүлөрүн укканда таң калышат. Алар эмнени кандай кылууну, кандай жөлөк пулдарды алууга укуктары бар экендигин билишпейт. Социалдык коргоо маселеси абдан маанилүү", — деди ал.

Жер тилкесин кыргыз паспорту менен да сатып алууга болот. Бирок аны каттатуу жол-жобосу бир аз татаалдашат, каттоо ордуна жаңы турак жай ээси жашоого уруксат гана алат.

"Кыштагыбыз кыргыздыкы деп эч качан эч кимге айткан эмеспиз. Жер ээлеринин (Климовкада Гурам Хилия, Клищинодо Тимофей Ильченко) паспорт боюнча ким экенибизден да кабары жок эле. Жер тилкесин сатып алууга келген кишиден алар "Сен кыргызсыңбы же оруссуңбу?" деп сурап отурушпайт. Аларга баары бир да. Негизи, чыккан кабарда биз туурасында так эместиктер көп. Маселен, беш гектар жер дешет. Ал эми биздики үч гана гектар. Ал жаңылыкта жазылгандай 600 эмес, 400дүн тегерегинде гана үй-бүлө отурукташат", — деп айтып берди Айылчиева.

© Sputnik / Кирилл КалинниковЖер тилкесин кыргыз паспорту менен да сатып алууга болот. Бирок аны каттатуу жол-жобосу бир аз татаалдашат, каттоо ордуна жаңы турак жай ээси жашоого уруксат гана алат.
Кыргызский поселок в Заокском районе Тульской области - Sputnik Кыргызстан
Жер тилкесин кыргыз паспорту менен да сатып алууга болот. Бирок аны каттатуу жол-жобосу бир аз татаалдашат, каттоо ордуна жаңы турак жай ээси жашоого уруксат гана алат.

Енисей көчөсүндө чындап эле боз бар экен. Кийин чечилип, жыйналыптыр. Азыр керегеси эле турат.

"Боз үйдү мен үйдөн, өз туулган айылымдан алып келгем. Былтыр жайда курулушчулар боз үйдө бир нече ай жашашты. Кийин тиричилик үчүн боз үй керекке жарап, кыштын жарымына чейин чечилбей турду. Кийин жыйноого аргасыз болдук, себеби биздин боз үй орустун кышына туруштук бере албайт экен", — деди Барикан.

Балким жакын арада боз үй жайкы сейил үй катары тигилип калаар…

Жаңылыктар түрмөгү
0