ТИМ: Кувейтке иштегени кетип алданган кыргызстандыктар боюнча иш тыкыр көзөмөлдө

© flickr.com / Metro CentricКувейт мамлекетинин желеги. Архив
Кувейт мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстан үч жараны Кувейтке жөнөткөн компания убадалаган жашоо-шартын аткарбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кувейтке иштегени барып алданып калган кыргызстандыктардын ишин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ишемби күнү Кыргызстандын 21 жана 23 жаштагы үч жараны Кувейтке жөнөткөн компания убадасына турбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган. Алар чет өлкөгө Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги аркылуу кетишкен.

"Учурда Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги мекендештердин укугун коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, алар менен үзгүлтүксүз байланышта болууда. Консулдук КР жарандарынын иштен чыкканы үчүн төлөнүүчү 475 динар (1200 доллар) айып пулду жокко чыгарууну кувейттик жумуш берүүчү компания менен макулдашты. Министрлик бул маселени тыкыр көзөмөлдөп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, балдарды чет өлкөгө жумушка жиберген агенттикке укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга расмий кайрылуу жиберилгени айтылат.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын жеке агенттиктер менен иш алып баруу боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Азат Икрамов алардан арыз түшсө агенттикке чара көрүлө турганын айтты.

"Жабырлануучу жарандар кайрылгандан кийин биринчи лицензиясын карайбыз. Биз аны УКМК жана ИИМге жөнөтөбүз. Ал каралып бүткөнгө чейин агенттик убактылуу ишмердүүлүгүн токтотот. Эгер келишимге каршы иш жасаганы аныкталса, 75 миң сомдон жогору айып пул салынат", — деди Икрамов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги Бишкектен тогуз кыргызстандыкты (4 эркек, 5 кыз) Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарына ресторандарда тейлөө кызматына иштөөгө жиберет. Бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрү убадаланат. Андан сырткары, чай пул да көп түшөрүн айтышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0