Кувейттеги ишке алданып, кайта албай жаткан кыргызстандыктар. Жашаган жеринен видео

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКувейтке иштеген Кыргызстандык мигранттардын жашоо шарты
Кувейтке иштеген Кыргызстандык мигранттардын жашоо шарты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктарга бул жактан убадаланган жашоо шарт Кувейтке барганда такыр эле башкача болуп чыккан. Аларды жөнөткөн компания 1,5 айдан бери кырдаалдан чыгууга жардам бере элек. Учурда мекендештер Кыргызстанга келе албай зарыгып отурат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кувейтке иштегени барып алданып калганын айтып 21 жана 23 жаштагы кыргызстандык үч жигит Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды. Алар аты-жөнүн атабай эле коюуну суранып, окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Алардын сөзү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги Бишкектен тогуз кыргызстандыкты (4 эркек, 5 кыз) Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарына ресторандарда тейлөө кызматына иштөөгө жиберет. Бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрүн убадалаган. Андан сырткары, чай пул да көп түшөрүн айтышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болуп чыккан.

"Жашаган жерибизди көрсөткөндө шок болуп калдык. Айланасынан сасык жыт урат. Эски бир үйдөгү Индиядан барган мигранттардын арасында кошуп койду. Үч бөлмөлүү үйдүн бирөөндө индиялыктар бар экен, экөөнө бизди жайгаштырды. Бизди жөнөткөн агенттикке айтсак, "кырдаал ушундай болуп калды, бир ай жашап тургула, анан башка жакка которбуз" дегенинен макул болдук. Жумуштан жакшы акча табабыз деп ойлогонбуз. Бирок ал ресторан эмес, чакан кафелер экен. Бир ай иштедик, эч кандай чай пул жок. 130 динар (430 доллар) айлык алдык. Анын жарымынан көбү суу, тамак-аш сатып алууга кетти. "Ресторандан тамак берет" деди эле, анысы да калп экен", — дешти мекендештер.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКелишим түзгөндө Кувейтте бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрүн убадалаган
Жилищные условия мигрантов из Кыргызстана работающий в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Келишим түзгөндө Кувейтте бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрүн убадалаган

Бир айдан кийин башка турак жайга которууну сурашканда жумуш берген компания эми бул мүмкүн эмес дегенин айтышууда. Жөнөткөн компания "бир аз чыдап, күткүлө" дегенден башка эч кандай жардам бере алган эмес. Мындан улам алар кайра Кыргызстанга кетебиз деп жумушка чыкпай коюшкан.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
"Жаныбыздагы башка компания менен келген кыргызстандык бала кетем дегенде ошол компания чыгымдарын төлөп жөнөттү. Бизге да авиабилет алып беришин сурап отурабыз. Апрелде алган айлыгыбызды жеп бүттүк, азыр эмне кыларыбызбы билбей калдык. Жумуш берген компания паспортубузду алып койгон. "Кетсеңер билет алып келгиле, анан беребиз" деп жатат. Элчиликке барып арыз жазып консулга бергенбиз. Ал "маселени силерди жөнөткөн компания чечиши керек" деп гана тим болууда", — деп тынчызданышууда.

Ошондой эле алар менен чогуу барган кыздардын жатаканасы менен маянасы жакшыраак 175 динар (577 доллар) болгондуктан намыс үчүн иштеп жүрүшкөнүн белгилешет. Ал эми бир жигит башында эле медициналык кароодон өтпөй кайра кайта турган болуп компаниянын билет алып беришин күтүүдө. Бул жактан жөнөткөн команияга кызматы үчүн ар бири 500 доллардан төлөгөн экен.

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБалдарды Кыргызстандан жөнөткөн компания "бир аз чыдап, күткүлө" дегенден башка эч кандай жардам бере алган эмес
Жилищные условия мигрантов из Кыргызстана работающий в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Балдарды Кыргызстандан жөнөткөн компания "бир аз чыдап, күткүлө" дегенден башка эч кандай жардам бере алган эмес

Бул дооматтарга балдарды жөнөткөн Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттигинин директору Нургүл Болотканова Кувейттеги жумуш берүүчү тарапка алданып калганын жүйө келтирип, өз кезегинде жоопкерчиликтен четтөөдө.

"Кувейттеги жумуш берүүчү компаниянын өкүлү келип балдарды аңгемелешүүдөн өткөрүп тандаган. Биз баарын мыйзамдуу жөнөтүп өз ишибизди аткардык. Кайтып келишене билет алып берүүгө тиешебиз жок. Бирок жумуш берүүчү компанияга тынбай чалып, кырдаалдан чыгарууга аракет кылып жатабыз. Балдар паспортубузду алабыз деп "өз ыктыярым менен жумуштан кеттим" деп кол коюп коюшуптур. Мага консулдуктан да чалышканда "эмнеге биздин жарандардын укугу бузулуп жатса карап койбойсуңар? Жумушчулардын укугун коргоп, компанияларды көзөмөлдөчү "Лейбер офис" деген бар. Ошого арызданып, жардам бербейсиңерби" дедим. Мен да тынчсызданып жатам. Балдар сабыр кылбай жатышат", — деди Болотканова.

Мындан сырткары, ал минтип келишимди үзгөн учурда компания 1500 доллар айып пул саларын, бирок суранып отуруп аны жокко чыгартканын кошумчалады.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева бул боюнча кайрылуу түшө электигин айтып, эгер арыз келсе сөзсүз түрдө жардам бериле турганын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0