Москвада кыргызстандык жаран жасалма паспорт менен кармалды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын жаранынын паспорту. Архив
Россия Федерациясынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспертиза шектүүнүн жалпы жарандык паспортун даярдоодо түстүү кагаздар колдонулганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Москвада жашаган Кыргызстандын жараны улуттук жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, документтерди текшерүү учурунда паспорттун аныктыгынан шектенген укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаранды полициянын бөлүмүнө алып барып, документти изилдөө жүргүзүү үчүн алып коюшкан.

"Документте жалпы жарандык паспорт Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 37 жаштагы тургуну Х.А. аттуу адамга 2014-жылы берилгени жазылган. Бирок андагы маалыматтар тастыкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкү фактылар аныкталган:

— Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Каттоо департаментинин базасында Х.А. аттуу жаранга паспорт берилгени тууралуу маалымат жок болуп чыккан жана жашаган жери тууралуу каттоосу дагы жалган экени аныкталган;

— Жарандын документинде көрсөтүлгөн сериядагы паспорт 1994-жылы төрөлгөн Баткен облусуна караштуу Баткен районунун тургунуна 2011-жылы берилген;

— ПИН номерди текшерүү учурунда мындай персоналдык идентификациялык номер Кыргызстандын жарандарына берилбегени тастыкталган.

Айдоочу күбөлгүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто акыл-эсинен айныган жаранга айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталды
Андан сырткары, экспертиза шектүүнүн жалпы жарандык паспортун даярдоодо түстүү кагаздар колдонулганын көрсөткөн. Буга байланыштуу кармалган адам Россиянын кылмыш жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүгүн (жасалма документ колдонуу) бузган болуп эсептелет.

Учурда жасалма документти даярдоого катыштыгы бар делген башка адамдар дагы изделүүдө.

Иликтөө иштери Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен аталган өлкөнүн ИИМинин аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0