Элчилик Россияда кырсыктаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат таратты

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЗдание посольства Киргизии в Москве
Здание посольства Киргизии в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыга жараша, жол кырсыгынан эч ким каза болгон эмес

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын Рязань облусунда жол кырсыгына кабылган сегиз кыргызстандыктын төртөө учурда ооруканада экенин Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгына кабылган Honda үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги сегиз кишинин бирөө айдоочу, жетөө жүргүнчү болгон.

"Түрдүү жаракат алган төрт кыргызстандык Шацкийдеги райондук ооруканага алып келинген. РФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кийин дагы төрт жаран кайрылган. Алардын саламаттыгы текшерилип, тийиштүү жардам берилгенден кийин амбулатордук дарылоо дайындалып, ооруканадан чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Бактыга жараша, жол кырсыгынан эч ким каза болгон эмес.

Кырсык болгон жерге КР элчилигинин кызматкери жабыркагандарга көрсөтүлө турчу медициналык жардам маселелерин чечүү жана алар менен жолугушуу үчүн чыгып кеткен.

Бул иш элчиликтин көзөмөлүнө алынды.

Эскерте кетсек, окуя 1-апрель күнү М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0