ТИМ Чикагодо кармалды деген кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

© REUTERS / Jerry LaiЧикаго шаары. Архив
Чикаго шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандын камалганы тууралуу америкалык тараптан элчиликке расмий билдирүү келе элек. Анткен менен ал фактыны Чикаго шаарынын Полициясынын Департаменти тастыктаган

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Чикаго шаарында кармалган кыргызстандык М.Э. аттуу жаран АКШда туруктуу жашаган адам катары КР элчилигинин консулдугунун каттоосунда турат. Бул тууралуу Кыргыз ТИМи Канада менен АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына таянып кабарлады.

"Анын камалганы тууралуу америкалык тараптан элчиликке расмий билдирүү келе элек. Муну менен катар эле М.Э. аттуу жарандын кармалганы туурасында фактыны Чикаго шаарынын Полициясынын Департаменти тастыктаган. Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги бул маселени көзөмөлгө алып турат", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Охранный периметр минской исправительной колонии - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Ирак абагындагы үч кыргызстандык аял тууралуу маалыматты текшерүүдө
Эске алсак, АКШнын Чикаго шаарында таксист болуп иштеген Кыргызстандын жараны жүргүнчүгө асылган деген шек менен кармалганын Chicagotribune сайты жазып чыккан.

Мындай маалыматтан кийин эжеси АКШда жашаган инисинин мындай кадамга бармак эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Буга чейин да АКШда курал-жарак аткезчилигине шектелип, кыргызстандык Теңгиз Сыдыков аттуу жаран кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0