Элчи Отунбаев Новосибирскидеги кыргызстандык мигранттар менен жолукту

© Фото / пресс-служба Посольства КР в РФЧрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев
Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация өкүлдөрү КР өкмөтү тарабынан чет өлкөдөгү жарандарды коргоо жана колдоо жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев 5-мартта Новосибирск шаарына барып, кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Вокзалдагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет жактагы эмгек мигранттары кийин пенсия ала алабы? Жол-жобосу
Отунбаев Новосибирск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу А.Травников менен жолугуп, кызматташуунун келечегин талкуулады. Ошондой эле шаардагы кыргызстандык мигранттар жана Новосибирск, Омск, Томск, Кемерово, Иркутск, Красноярск, Алтай, Забайкалье крайы, Хакасия жана Бурятиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен да жолукту.

Элчини коштоп барган делегация өкүлдөрү КР өкмөтү тарабынан чет өлкөдөгү жарандарды коргоо жана колдоо жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, миграция тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча сөз болду.

Жолугушуунун соңунда Алтай мамлекеттик университетинде окуган кыргызстандык студенттер комузда кол ойнотуп, келгендердин көңүлүн көтөргөн.

6-мартта делегация Екатеринбург шаарына учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0