Владивостокто өспүрүм кызга асылды делген кыргызстандык ак болуп чыкты

Жазылуу
Кыргызстандын жараны 20-февралда Камчатка крайынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Владивосток шаарында 15 жаштагы кызга асылды деген шек менен кармалган 25 жаштагы КР жаранынын күнөөсү далилденбей, коё берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчигинен билдиришти.

Ага ылайык, Кыргызстандын жараны 20-февралда Камчатка крайынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

"Тергөө учурунда кылмыштын белгилери аныкталган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Бирок текшерүү учурунда 25 жаштагы КР жараны Россиянын миграциялык режимин бузганы (өлкө аймагында жүрүүгө уруксат берген документтери жок болуп чыккан) белгилүү болуп, Коряки айылындагы чет элдик жарандар убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Эми ал Россиянын аймагынан чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0