Муфтий Екатеринбург шаарындагы мекендештерден кабар алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдар. Архив
Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууга келгендер мындай пикир алышуу чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын сагынычын аз да болсо басарын айтышты

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Муфтий Максатбек Токтомушев Екатеринбург шаарындагы мекендештер менен жолугушканы тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтына жарыяланды.

Муфтий Екатеринбург шаарындагы "Бухари" мечитинде кыргызстандыктардан кабар алды.

"Ата-эне, бир туугандарга жардам берип, жакшы жашайлы деген үмүт менен алыста эмгектенип жүрөсүңөр. Кайсы жерде болбогула, ошол жердин мыйзамын сактап, ар кандай терс көрүнүштөрдөн, азгырыктардан оолак болгула", — деди Токтомушев.

Ал эми Жолугушууга келгендер мындай пикир алышуу чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын сагынычын аз да болсо басарын айтып, тилин, динин жана каада-салтын унутпай сактоого жардам болорун кошумчалашты.

Жолугушууга Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулу Бообек Салимжанов, Свердлов облустук мусулмандар башкармалыгынын башчысы Мухитдинов Артур жана башка диаспора өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0