Москвада кармалган кыргызстандыктар. Балдарды туугандары алып кетмей болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан Москва шаарынын тургундары. Архив
Көчөдө бараткан Москва шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик Россиянын аймагына келгендерди каттоо боюнча документтерин ортомчулар аркылуу жасабаш керектигин дагы бир жолу эскертти

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Москвада каттоосу бар-жогу текшерилген иш-чарада кармалган кыргызстандыктар кое берилип, экөө айыпка жыгылып, дагы экөө жашы жете элек болгондуктан аларды атайын борборго жөнөтүү чечими чыкты. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилигинен 15-февралда кабарлашты.

Россиянын миграция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айдаралиев: мигранттарды "кара тизмеге" киргизүү себептерин кайра кароо керек
"Кыргызстандын жарандары кармалды деген маалымат түшөрү менен элчиликтин кызматкерлери Москва метрополитениндеги милициянын 6-бөлүмүнө барып, окуянын чоо-жайын билген. Россиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн эки кыргызстандык 5000 сомдон айып төлөмөй болду. Тиешелүү документтери жок жашы жете элек эки өспүрүм атайын борборго жеткирилмей болду. Ал жерден туугандары жакында алып кетет", — деп билдиришкен элчиликтен.

Ведомство Россиянын аймагына келгендерди каттоо боюнча документтерин ортомчулар аркылуу колдонбош керектигин дагы бир жолу эскертти.

7-февралда Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 44 жараны кармалып, бул боюнча элчилик мурда да түшүндүрмө берген.

Россияда иштеген кыргыздар кандай ыкмалар менен алданат? Бул боюнча атайын материал даярдаганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0